Эмдөө

Базар-Коргондо 11 айлык балдардын көрсөткүчү 92%

222

Иммунопрофилактикада иштелип чыккан эмдөө календарына ылайык, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен жөнгө салынуучу балдар жана чоңдор арасындагы милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрү белгилүү бир мөөнөттөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

2021-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон райондук ооруканасында пландык эмдөө иштери уланууда. Жалпы Базар-Коргон району боюнча 156 480 калк бар. Анын ичинде балдар жана чоңдор арасында пландык эмдөө иштери жүрүп жатат.
Базар коргон районунуна караштуу Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иммунолог дарыгери Жантемир Абдиев төмөнкүлөргө токтолду:
“Учурда Базар-Коргон аймактык ооруканасында профилактикалык эмдөөлөр жүрүп жатат, статистиканы алсак 2021-жылдын жыйынтыгында 9 айлык балдардын пландык эмдөөсүнүн көрсөткүчү 80% дан жогору болду. Ал эми 11 айлык балдардын көрсөткүчү 92%ды түздү. Бул жалпысынан жакшы көрсөткүч. Бирок муну менен токтобойбуз, планды толтуруу иштерин аягына чейин улантабыз.
Эмдөөгө каршы болгон ата-энелер бар, аларга Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымдары түшүндүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кээ бир түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон ата-энелерге айла жок, кагаз жаздырып алабыз. Себеби биз аларды милдетүү түрдө кыйнай албайбыз”

Categories: Эмдөө

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.