2025-жылдын 30-сентябрында Жайыл районунда жана 3-октябрда Токмок шаарында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Япониялык кесиптештери менен биргеликте медициналык кызматкерлер үчүн окутууларды өткөрүштү.
Тренингдин темасы: «Жугуштуу эмес ооруларга чалдыккан бейтаптардын жана тобокелчилиги жогору бейтаптардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коммуникация».

Мотивациялык маектешүү (ММ) медициналык кызматкерлерге пациенттердин жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардам берүүчү эң эффективдүү куралдардын бири.
Мотивация берүүчү маектин негизги максаты адамды өзгөртүүгө түрткү берген себептерди изилдеп, жеке мотивациясын жана белгилүү максатка берилгендигин күчөтүү, бардык процессте кабыл алуу жана калыс мамилени камсыз кылуу.

ММтин негизги өзгөчөлүктөрү:
• Угууну жана маалымат берүү менен кеңеш берүүнү айкалыштырган сүйлөшүү стили;
• Адамдар өзүнүн мотивациясы, мааниси жана ресурстары аркылуу өзгөрүүгө жетишет;
• Бейтапка урматтуу жана кызыкдар мамиле кылууга негизделген, өзгөрүү процессин колдойт жана автономиясын сыйлайт.
Медициналык кызматкер үчүн ММти колдонуу маанилүү:
• Бейтаптар менен эффективдүү иштешүүгө;
• Бейтаптардын өз жүрүм-турумун түшүнүүгө жана өзгөртүүнүн зарылдыгын кабыл алууга жардам берүү;
• Жеке максаттарды коюуга жардам берүү;
• Жеке аракет стратегияларын иштеп чыгууга жана өзгөрүүгө берилгендикти бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.
ЖЭО (жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, өнөкөт дем алуу органдарынын оорулары, онкология) дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп эсептелет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 70%дан ашык эрте өлүмдөр дал ушул оорулар менен байланыштуу.
Биз медициналык кызматкерлердин жаңы көндүмдөрү пациенттерге ден-соолукка пайдалуу кадамдарды жасоого жардам берет деп ишенебиз.
Categories: Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
354 


