Психоактивдүү заттарды колдонуу

Ботулизмден кантип сактанса болот?

185

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минитсрлигинин  Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти эскертет: кыш мезгилинде ботулизм оорусу күч алышы мүмкүн.

  Анын себеби, Жаңы жылдык майрамдардын алды менен тургундар консерваланган тамак-аштарды, үй шартында жабылган салаттарды  көп колдоно баштагандыгында.

     2016-жылдын статистикасына таянсак, ооруларды алдын алуу борборунун адистери тарабынантамак ашка ууланган 138 учур катталып, анда 304 адам жабыр тарткан. Адистердин айтымында, алардын бардыгы  үй шартында консерваланган тамак-аштарды колдонуудан улам болгон. Атай кетсек, туздалган бадыраң, баклажан жана «Ассорти» салаттары.

   Ал эми, 2017-жылы   стаистикага ылайык, тамак аш менен уланууда  105 учур катталса, анын 54 учуру ботулизм болгон.

   Ботулизмдин пайда болуш себеби –  үй шартында консерваланган тамак-ашты даярдоодо гигиенаны сактабагандык болуп эсептелет.  Жашылча жемиштерди чогултуп тазалоодон баштап, жабыла турган банканы, капкагын  тазалап, жуу керек.

Үй шартынан сырткары, тамак аш дүкөндөрүндө сатылган  консерваланган козу карын,  банкага салынган жашылча жемиштердин түрлөрүнөн бтулизмге кабылуу коркунучу бар. Ошондой эле, балык этинен дагы пайда болушу мүмкүн. Бул ооруну пайда кылган  ботулотоксин ферменти  жыландын  уусунан 375 эсе күчтүү болот.

Инкубациялык мөөнөтү – 4-6 саатты түзөт. Айрым учурларда бир 7-10 күнгө чейин созулушу ыктымал. Алгачкы белгилери: жүрөктүн айлануусу, кусуу, диарея, көздүн көрүүсүнүн начарлашы, булчуңдардын алсыздыгы. Эң коркунучтуу белгиси – дем алуу кыйындап, суюктукту жутуу мүмкүн эмес болуп,  параличке да алып келишин белгилешет адистер.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минитсрлигинин  Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-ашка ууланууну  алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

– даяр тамак-аштарды бардык шарттары сакталган атайын коомдук жана соода уюмдарынан сатып алыңыздар;

– сатып алууда азыктын чыккан датасын, колдонуу мөөнөтүн, жасалган шарттарына көңүл буруу зарыл;

– үй шартында тамак жасоодо эрежелерди сактагыла: чийки заттарды колдонууда  өзүнчө тактай жана бычактарды колдонуу, колду тазалап жуу, аккан суу жашылча, көк чөптөрдү жана мөмө-жемиштерди жуу керек;

-эгерде  ичиңиз ооруп, өзүңүздү жаман сезип,  кусуп жатсаңыз, үй-бүлөңүзгө тамак жасоо болбойт, дарыгерге кайрылуу зарыл;

– азыктанардын алдында колду самындап таза жуу кажет;

Ошондой  эле, жогоруда айтылган кайсы бир белгилердин түрлөрү кездешсе же бар болсо тезинен дарыгерге кайрылыңыздар. Муну менен сиздер ооруну алдын алып жана дарылануу убагында башталат. 

Leave a Reply

Your email address will not be published.