COVID 19

COVID-19: Чүй облусундагы медициналык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда санариптештирүү жана эмдөө маселелери талкууланды.

208

Чүй облусунун медициналык уюмдары 2021-жылы аткарган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарып, көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында координациялык кеңешме өткөрүштү.
Иш-чара Чүй облусундагы бийлик өкүлдөрү, КР Саламаттык сактоо тармагынын облустагы координатору жана министрдин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өттү. Мында санариптештирүү иштеринин жүрүшү, аны өнүктүрүү, COVID-19га каршы эмдөөнү тездетүү маселелери талкууланды.
“Бишкек шаары жана Чүй облусунда COVID-19 илдетин аныктап, дарылоо иштери башка аймактарга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Ошентсе дагы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо, калкты эмдөө негизги талаптардын бири болуп эсептелет. Тартыш болгон медициналык жабдуулоо, дары-дармек менен камсыздоо боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигине жана Чүй облустук өнүктүрүү фондуна кайрылдык. Анын алкагында министрлик тез жардам унаалары менен камсыз кылды. Дагы 16 унаа керек болуп жатат. Бул маселе жакынкы убакта чечилет деген ишеничтебиз”- деп Чүй облустук үй – бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Бактыгүл Мамытова билдирди.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.