ЖАҢЫЛЫКТАР

COVID-19: эмдөөнүн бустердик дозасын алуу – иммунитетти көтөрүүнүн эффективдүү жолу

391

COVID-19: эмдөөнүн бустердик дозасын алуу – иммунитетти көтөрүүнүн эффективдүү жолу

Калкты COVID-19га каршы эмдөөдө туура жана тастыкталган гана маалыматтарды колдонуу. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери медицина кызматкерлерине эмдөө алганы келген адамдар менен жылуу мамиле түзүү жолдорун үйрөтүп жатышат.

Тиешелүү иш-чаралардын бири Талас облусунун Манас районунда өтүп жатат. Ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине туура коммуникация түзүү, эмдөөгө мотивациялоонун ыкмаларына үйрөттү.

Айжаркын Эгембердиева: “Мен жада калса эки жолу оорудум. COVID-19га каршы иммунитетим бар. Ошондуктан эмдөөдөн өтпөй койсом болот деген жарандар терең жаңылышат. Алардын антителосу аз болгондуктан ооруп жатышат. Ал эми вакцинация, өзгөчө бустердик доза иммунитетти көтөрүүнүн эффективдүү жолу”.

Жарандар менен туура мамиле түзүү боюнча окутуулар Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана түштүк областтарында өтүп жатат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.