COVID 19

COVID-19га каршы вакциналар кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн коопсуз

479

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 инфекциясы кош бойлуу аялдарда олуттуу оордошуулардын келип чыгуу тобокелчилигин жогорулатат. Мындай учурда коронавируска каршы эмдөөдөн болгон пайда эмдөөгө байланышкан чочулоолордон жогору турат.

Кош бойлууларды эмдөөгө байланышкан суроолорго Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров жооп берет.

— Кош бойлууларды эмдөө акушер-гинекологдордун эл аралык уюмдары тарабынан сунушталган. Европа жана Америка өлкөлөрүндө ушул категориядагы адамдарды иммундаштыруу экинчи жылы жүргүзүлүп жатат. Коронавируска каршы эмдөөнү кош бойлуулуктун 22-жумасынан баштап алышат. Экинчи дозаны бир айдан кийин алууга болот. КМШ өлкөлөрү боюнча бул багытта Россия активдүү, Казакстан орточо иштеп жатат. Кыргызстанда эмделген кош бойлуу аялдардын саны азырынча ондоп саналат. Болочок энелерибизге иммундаштыруунун пайдасы тууралуу көбүрөөк маалымат берүүбүз керек.

— Кандай таптакыр каршы көрсөтмөлөр жана кыйыр эффекттер бар?

— Аялдарга оордошууларсыз өтө турган физиологиялык кош бойлуулукка туура келбеген гипертермия, тез чарчоо, баш оорулар сыяктуу кыйыр эффекттер тууралуу маалымат беришет.

Эмдөө жүрөк, кан тамыр жана кан оорулары бар адамдарга каршы көрсөтүлгөн. Ошондой эле эгерде кош бойлуу мезгилде гипертензиялык бузулуулар же кандын уюгучтугунун бузулушу, волчанка (канчоо) антикоагулянтынын жогорулашы пайда болгон учурларда дагы болбойт. Эмдөөнүн алдында кош бойлуулар медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Эгерде каршы көрсөтмөлөр жок болсо, өзүн жана баланы коронавирус оорусунун тобокелчилигине дуушар кылбастан эмдөө алган жакшы.

— Бала эмизген энелер эмделе алышабы?

— Өзүн жана баланы коронавирус менен ооруп калуу тобокелчилигине дуушар кылбастан эмдөө алган оң. Эрте жашта ымыркай эч бир ооруга чалдыкпаганы биз үчүн маанлүү. Биринчи айда эне сүтүндө иммунологиялык резервдер жетиштүү. Ал эми неонаталдык мезгилден кийинки эки айдан соң эмдөө тууралуу ойлонууга болот. Биз өзгөчө али коронавирус менен ооруй электерге вакцина жасоону сунуштайбыз. Бирок эгерде төрөт учурунда кан кетсе, операция болсо же тромбоз тобокелчилиги бар болсо, анда эмдөө алууга болбойт.

— Антителолор сүт аркылуу балага өтүшү мүмкүнбү?

— Бала эмизген энеде иммундук жооп калыптанган учурда антителолордун бөлүкчөлөрү балага өтөт деген ыктымалдуулук бар.    

Бала эмизген энеде иммундук жоопту калыптандырууда антителолордун бир бөлүгү балага өтүү ыктымалдуулугу бар. Эне сүтү жалпы иммундук антителолордон тышкары ошондой эле коронавируска каршы өзгөчөлөнгөн антителолор менен байытылат. Бул өтө жакшы.

Кошумча маалымат: Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз, келечекте бойго бүтүрүүнү кааласаңыз же учуода бала эмизип жатсаңыз, эмдөө сизди жана сиздин учурдагы же болочоктогу үй-бүлөңүз үчүн маанилүү.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзүндөгү көптөгөн аялдар кош бойлуу мезгилинде же бала эмизип жатканда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү жана кош бойлуулар жана алардын балдары үчүн эмдөөнүн коопсуздугуна байланышкан эч кандай көйгөйлөр аныкталган жок. Чынында кош бойлуу мезгилдеги эмдөө балаңызды коргоого жардам берет; бул ошондой эле бала эмизип жаткан учурдагы эмдөөгө дагы тиешелүү.

Маалымат үчүн: КР ССМнын 15.11.2021-ж., №1541 буйругуна ылайык, кош бойлуу аялдар кош бойлуулуктун 22-жумасынан тарта төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмделе алышат: дене салмагынын жогорку индексине ээ болгон 35 жаштан жогорку курактагы аялдар; коштогон оорулары – диабет, гипертония ж.б. менен жабыркаган аялдар.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.