ЖАҢЫЛЫКТАР

Дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93-орунда турат

365

Дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93-орунда турат: вирус жуктургандардын саны 180 миңди жана каза болгондордун саны 2620 адамды түздү. Бул боюнча брифингде “Профилактическая медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

“Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30%ды түздү. 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, – деп кошумчалады Омор Касымов.
Сөзүнүн аягында, ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.