ЖАҢЫЛЫКТАР

Дары-дармектердин терс таасирлери менен күрөшүп жатасызбы? Бул жөнүндө кабарлаңыз!

652

7-ноябрда дүйнө жүзү боюнча дары-дармек коопсуздугу жумалыгы башталат #MedSafetyWeek

Кыргыз Республикасы, Дары-дармектердин коопсуздугу боюнча ДСУнун Уппсала Мониторинг Борборунун (UMC) демилгесине кошулду жана 7-жылдык маалымат кампаниясына – Дары-дармектердин коопсуздугу жумалыгы #MedSafetyWeek катышууда.

Дүйнө жүзү боюнча 82ден ашык өлкө дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча улуттук агенттиктерди медицина кызматкерлерин жана бейтаптарды дары-дармектерди жана вакциналарды колдонууга байланыштуу терс реакциялар жөнүндө билүүгө чакырышат.

Терс реакциялар жөнүндө кабарлоо дары-дармектерди жана вакциналарды коопсуз колдонууну көзөмөлдөөдө негизги жана маанилүү ролду ойнойт.

Вакциналар жугуштуу оорулардан коргонуунун эң мыкты жолу жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калды. Аларды колдонууда, кээде күтүлбөгөн, анын ичинде терс таасирлери же ашыкча реакциялар пайда болушу мүмкүн.

MedSafetyWeek дары-дармектердин, анын ичинде вакциналардын коопсуздугуна келгенде ар бир кабарланган терс реакция канчалык маанилүү экенин баса белгилейт. Ушуга байланыштуу мүмкүн болуучу жагымсыз реакцияны компетенттүү дифференциациялоо, аны туура чечмелөө өтө маанилүү.

Пациенттин коопсуздугу дүйнө жүзү боюнча жөнгө салуучу органдардын башкы приоритети болуп саналат. Чогуу иштөө жана маалымат алмашуу менен биз дарыларды жана вакциналарды бардыгы үчүн жакшыраак кыла алабыз.

Ар бир адам дарылардын терс таасирлери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментине кабарлай алат.

Сиз бир нече жол менен билдирүү жөнөтө аласыз:

Ар дайым #MedSafetyWeek хэштегин кошуңуз, биз сиздин жазууларыңызга көз салып турабыз.

Сураныч, кандайдыр бир шектү, терс таасирлерди бул жерге билдириңиз: http://www.pharm.kg/

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.