ЖАҢЫЛЫКТАР

Ден соолуктун чыңдыгы– туура тамактануудан башталат

172

    Иш-чаранын алкагында,  «1000 күндүк – мүмкүнчүлүк терезеси»   деген  тема каралды.   Адистердин айтымында, 1000 күндүк – бул түйүлдүктүн пайда болушунан  баланын  эки жашка чыкканга чейин  мезгил эсептелет. Бул убакыт ар бир  эне жана бала үчүн өтө маанилүү  деген ойду  айткан  Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун адиси  Эльмира Кабылова  төмөнкүлөрдү билдирди.  «Бул убакытта баланын органдары жана тулку бою толук  жетилет.  Андыктан, эне туура  тамактанып, эмизүү   менен  ымыркайга зарыл болгон витаминдерди берүүсү кажет» .

    Семинарга катышкан,  Саламаттык   сактоонун   кызматкерлери  жана SPRING  долбоорунун  адистери, жогоруда  айтылган маселе тууралуу  калкты маалымдоо үчүн   ММКнын  ролу чоң экенин  белгилешти.  Өз убагында жана туура жеткирилген маалымат – жаш энелердин жана ымыркайлардын  дени сак болушуна өбөлгө түзүп,  бир канча маселелерди  алдын алат –дешти адистер.

    Кошумчалай кетсек, SPRING программасы– глобалдык   өнөктөштүктү  чыңдоо,  тамактануу  тармагындагы  иновациялар жана натыйжалар менен алмашуу   долбоору болуп эсептелет.  Бишкек шаарында, Ош жана Жалал-Абад   облустарында  туура тамактануу боюнча   бир канча программаларды ишке ашырып келет. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.