ЖАҢЫЛЫКТАР

Дени сак ар бир эне баласын эмчек сүтү менен бага алат

223

Эмне үчүн азыркы кезде аялдар табият берген милдетин аткаргылары келишпейт? Дүйнө жүзүндөгү дарыгерлердин көптөгөн изилдөөлөрү эмчек эмизүү бала үчүн кандай пайдалуу болсо, эне үчүн да анын пайдасы бар экенин далилдешти.

Жаңы төрөлгөн наристе эмчек сүтү менен азыктандырылат. Эмчек сүтүн берүү наристе үчүн эң эле жакшы азык болуп саналат жана жаңы төрөлгөн наристенин психикалык жактан керектөөсүн канааттандырат. Эне сүтүн эң эле сонун деген жасалма азык да алмаштыра албайт, анткени анда наристе үчүн жарай турган өзгөчө курам бар, бул курам мыкты гана азык болбостон, баланын организми үчүн сактоочу каражат да болуп саналат.

Эмчек сүтү – бул жөнөкөй гана азык эмес, таза-стерилдүү, балага ылайык температурада, анда наристеге керектүү болгон бүт заттар, витаминдер, минералдык туздар, гормондор, ферменттер, иммундук жыйнактар камтылган жана булар наристенин организмине өтө күч келтирбестен, оңой аш болот. Ошону менен бирге анда наристенин баш мээсинин, көзүнүн, кан тамырларынын жетилиши үчүн зарыл болгон бөтөнчө май кислоталар бар. 

Эмчек эмизүүнүн баалуулугу эмнеден турат?

Эне сүтүндө:

1.     Микробдорду өлтүрө турган тирүү ак кан бөлүкчөлөрү (лейкоциттер);

2.     Энеси баштан кечире турган оорулардан коргой турган антителолор;

3.     Ичеги-карын ооруларын чакыруучу микробдордон коргой турган микрофлоранын өсүшүнө өбөлгө түзүүчү бифидус-фактор бар.

Эмчек эмизүү наристелерди төмөнкүлөрдөн сактайт:

·        ичеги-карын ооруларынан;

·        аба аркылуу жуккан оорулардан;

·        заара жолдорунун сезгенишинен;

·        жугуштуу кулак оорусунан.

Эмчек эмизүү – төмөнкү оорулардын коркунучун азайтат:

·        аллергияларды;

·        астманы;

·        аз кандуулукту;

·        кант диабетин;

·        тиштин туура эмес өсүүсүн;

·        көздүн начар көрүүсүн.

Эмчек эмизүү аялдардын ден соолугун сактап, төмөнкү коркунучтарды азайтат:

·        аз кандуулукту;

·        эмчектин башталгыч рак оорусун;

·        энелик урук бездеринин рак оорусун;

·       карыганда сөөк ооруларын (жумшаруу, морттук).

Кант диабети менен жабыр тарткан аялдар эмчек эмизген мезгилде инсулинди анча керектешпейт.

Эне баласын күнү-түнү дебей, 8-10 жолу эмизсе, айыз цикли кайрадан баштала элек болсо жана баласы кошумча тамак менен тамактанбаса, эмчек эмизүү төрөттүн кийинки алгачкы 6 ай ичинде кош бойлуулуктан сактайт.

Эмчек эмизүү эне менен баланын ортосунда жакындык сезимдин орношуна көмөкчү болот. Наристе өзүнө энелик мээримди, эркелетүүнү, камкордукту туюп, өзүнүн корголгондук, ишенимдүүлүк сезими өөрчүйт.

Ал эми эмизип жатканда эненин мээрим төккөн жылуу мамилеси, эркелеткен назик добушу наристеге жагымдуу таасир берет да, ал аз ыйлап, боорукер болуп чоңоет. Эненин кучагында наристе өзүн ыңгайлуу сезип, бетин энесини денесине кысып, өзүнө жакын өңдү көрөт, уктап калганга чейин дайыма жылуу болгон, даамдуу сүттү эмет.

Так ошол бала төрөлгөндөн кийинки биринчи күндөрдү, апталарда аны өмүр бою коштоп жүргөн коопсуздук, өзүнө болгон ишенимдүүлүк сезимине ээ болот.

Эмчек эмизүүнү наристе төрөлгөндөн кийинки сааттан баштаган оң. Алгачкы сүт ууз сүтү деп аталат. Ал баланын организмине керектүү болгон белоктор, витаминдерге бай; наристени көптөгөн бактериялардан жана вирустардан коргогон антителолор жана аккан бөлүкчөлөрү (лейкоциттер) көп.

Ууз – бул наристе үчүн биринчи эмдөө.

·        Ал баланын ичеги-кардын белокту аш кылып, сиңире алышына даярдалган өстүрүү факторуна бай.

·        Ууз меконийди (алгачкы кочкул түстөгү туңгакты) жумшартып алып чыгууга жардам берет.

·        Физиологиялык сарыктын өнүгүшүн алдын алат.

Баланы качан эмизүү керек?

Бул суроону энелер көп беришет. Негизинен наристе качан жана канча кааласа, ошончо берүү керек. Адатта жаңы төрөлгөн ымыркайды суткасына 8-12 ирет эмизишет.

Наристе  суткасына 6 жолу заара, 3 жолу чоң заара кылса демек, ал жеткиликтүү тамактанган болот.

Эмчек эмизүүнүн эрежеси

Эмизүү убагында отурсаңыз да, жатсаңыз да болот. Эң негизгиси өзүңүздү ыңгайлуу сезүүңүз керек.

·        баланын башы менен денеси бир сызыкта түз жатышы керек;

·        баланын денеси эненин денесине бекем кыналуусу керек (ичи ичине);

·        баланы дайыма кош колдоп кармаңыз;

·        баланын мурду эмчектин үрпүн курчап турган тегерекке тийип турушу зарыл.

Эсиңизде болсун!

·        6 айга чейин балаңызды жалаң эмчек сүтү менен багыңыз. Бул балаңыздын дени сак чоңоюсуна, болочокто ийгиликтүү болуусуна жардам берет.

·        6 айга чейин балаңызга эч кандай тамак бербеңиз, ал тургай суу же чайды берүүгө болбойт. Сиздин сүтүңүздө балаңыздын өсүүсүнө керек болгон (суу, тамак болуучу заттар) бардык заттар бар .

·        Балаңызды шашпастан эмизиңиз. Эмчегиңиздин бир жагын аягына чейин эмип бүтсүн, ошондо ал сууну да, тамак болуучу азыкты да алган болот. Андай кийин гана экинчи эмчегиңизди сордуруңуз.

·        Балаңызды качан жана канчалык көлөмдө кааласа ошондо, ошончо көлөмдө эмчек эмсин. Наристеңизди канчалык тез-тез эмизсеңиз, ошончолук сүтүңүз иштелип чыгат.Натыйжада балаңыздын курсагы ток болот.

·        Балаңызды 2 жашка чейин эмизе берсеңиз жакшы болот.

·        Эмчек эмизип жаткан маал – наристеңиз менен баарлашууга ыңгайлуу учур. Аны көзүнө тике карап, жылмайыңыз. Наристеңиз менен ар түрдүү үн чыгарып, жаңсап сүйлөшүңүз.

Балаңызга ар түрдүү көлөмдүү, ачык түстөгү буюмдарды бериңиз. Ал берген буюмдарды карап билсин, таанышсын

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.