ЖАҢЫЛЫКТАР

Депрессия : кел сүйлөшөлү

372

10 – апрель күнү Ош шаарында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалы Ош шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо адистери менен биргеликте “Депрессия : кел сүйлөшөлү” урааны алдында ачык эшик күндөрүн өткөрдү.

Ачык эшик күндөрүнүн максаты; калктын калың катмарына депрессия, анын келип чыгышы жана тийгизген таасири, алдын алуу жана депрессияны дарылоо боюнча кандай жардамдар берилээри тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу.

Иш-чарага 60 дан ашуун медицина мекемелеринин кызматкерлери катышып, депрессия тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ош шаардык саламаттык сактоо бөлүмүнүн координатору Шамшиев А. А. № 12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалдарында ачык эшик күндөрү 15- апрелге чейин өткөрүлө тургандыгын маалымдады.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Муратова Жаннаткан, медициналык мекемелерде , орто жана жогорку окуу жайларда калктын эң көйгөйлүү маселеси болгон депрессия тууралуу кеңири маалыматтар ден соолукту чындоо адистери, коомдук ден соолук комиттетеринин мүчөлөрү жана психологдор тарабынан берилээрин жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүлөөрүн айтып өттү.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.