COVIDге каршы эмдөө

ЭМДӨӨ БОЮНЧА КАЛККА ТАСТЫКТАЛГАН ГАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ТАРАТУУ АБЗЕЛ

157


КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусунда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери менен ЖМК өкүлдөрү, блогерлер, PR-менеджерлер жана коом менен байланыш, жарнама боюнча адистердин ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык Вирус Инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун башчысы Нурматов Зуридин жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Алтымышева Нурила коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө так жана туура маалыматтарды берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Ошону менен катар маданият министрлиги РДЧжМКБ адистери ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте, калкка туура маалымат жеткирүү максатында чогуу иштешүүнү пландаштырышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.