ДЕН СООЛУК

ЭМНЕ ҮЧҮН ЭРИН ТОЛТУРГУЧТАР КОСМЕТОЛОГИЯДА КОРКУНУЧТУУ?

226

Контурдук пластика – бул гиалурон кычкылынан даярдалган атайын препараттарды териге же беттин бырыштарынын астына ийне аркылуу киргизүүчү косметикалык процедура болуп саналат. Анын жардамында теридеги тырыштар жазылат, каттар түздөлөт жана кошумча көлөм берилип, кооздолот.

Бүгүнкү күндө контурдук өнөр жайына болгон суроо-талап туу чокусуна жетти. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору эмне үчүн эрин толтургучтары ар кандай курактагы аялдар арасында суроо-талапка ээ болуп жатканын жана мунун ден соолукка зыяндуу жактарын түшүндүргөн материал даярдады.

Эрин толтургучтары – бул атайын гелдин жардамында эриндерге керектүү форманы же көлөмдү берүү үчүн колдонулган жабдуу. Бул ыкманы колдонуу эринге керектүү көлөмдү берүүнүн оңой жолдорунун бири болуп саналат.

Толтургучтар (филлер) эки түргө бөлүнөт: гиалурондук жана химиялык толтургучтар. Гиалурон толтургучтары эң популярдуу, анткени алар биздин организмге жат эмес жана спецификалык иммундук реакцияны жаратпайт. Ошондуктан, алар популярдуу болуп саналат. Натыйжалары таасирдүү: бир сессияда эриндин формасын жана көлөмүн өзгөртө аласыз. Бирок, тилекке каршы, натыйжа дайыма эле каалагандай боло бербейт.

Толтургуч ийне аркылуу териге киргизилгенден кийин 3 айдан 1 жылга чейин кармалышы мүмкүн.  Мурунку инъекциядан толтургучтун чиришинин шарттарын сактабоо менен дайыма коррекциялоо менен шишик пайда болушу толук мүмкүн. Бул учурда тиешелүү көрсөтмөлөрдү сактабаган шартта шишик пайда болушу ыктымал.

Толтургучтар адамдын жүзүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Тери фиброзу жана бырыштарды пайда кылышы ыктымал. Кан тамырлары дененин бардык жеринде кездешет. Организмге киргизилген бөтөн зат кан жүгүргөн түтүкчөлөрдү кысат. Жада калса атайын гель кан тамырдын ичине кирип кетиши мүмкүн. Бул кан айланууга бөгөт коюп, ткандардын некрозуна алып келет. Туура эмес тандалган препарат, туура эмес тыгыздык жана ырааттуулук күтүлгөндөн такыр башка натыйжага айланышы мүмкүн. Бул учурда бетте шишик пайда болуп, суунун агып чыгышына алып келиши мүмкүн. Дарыны ашыкча көлөмдө колдонуу эриндерди ашыкча шишитип жиберет. Ийне саюуу оорутат, анткени анестезия ооруну 15% гана баса алат.

Медициналык борбор же клиника сапатсыз препараттарды колдонуп, чыгымдарын үнөмдөшү мүмкүн. Бул медициналык процедураларды жасаган мекемени кылдаттык менен тандап, бардык сертификаттарын текшергениңиз оң. Ошондой эле кылдаттык менен мастерди тандоо керек. Мындай процедураларды бардык документтери жана сертификаттары бар пластикалык хирург же косметолог жүргүзүшү керек.

Дарыны беттин бардык жерине сайууга болбойт. Медицина кызматкери кардардын анамнези жөнүндө бардык маалыматтарды чогултканы оң. Толтургучтарды кош бойлуу аялдарга, ийне жасалган жеринде шишиги бар адамдарга, онкологиялык оорулууларга, герпес оорусу күчөгөндөргө, коллаген синтезинин бузулушуна байланыштуу ооруга чалдыккан бейтаптарга колдонуу сунушталбайт.

Тери толтургучтарын колдонуу каршы көрсөтмөлөргө ээ. Ал зыянсыз жана коопсуз деп эч ким жүз пайыз кепилдик бере албайт. Ага карабай бул процедураны жасоону чечсеңиз, сак болуп, жети өлчөп бир кескениңиз туура. Анын бардык тобокелдиктерин эске алыңыз. Ар бир адам чен-өлчөмдү билип, ден соолугуна кам көрүшү зарыл!

Categories: ДЕН СООЛУК

Leave a Reply

Your email address will not be published.