Вирустук гепатиттер

Гепатитти билдиңби, ДАРОО АРАКЕТ КЫЛ!

1091

Гепатиттер – кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфек-циялык оорулар. В жана С гепатиттери оор кесепеттерине байланыштуу чоң коркунуч туудурат.

В ЖАНА С ВИРУСТУУ ГЕПАТИТТЕР

Жугуу, дени соо адамдын организмине гепатит менен ооруган же алып жүрүүчү оорулуудан булганган кан келип түшкөн учурда жугат:
• ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;
• стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;
• устара жана маникюр аспаптарын, тиш щеткаларын чогуу колдонгон учурда;
• стерилденбеген ийнелер менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;
• корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз).

Капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.
В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

ООРУ КАНТИП БИЛИНЕТ

Оорунун инкубациялык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чей-инки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин.
В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатипин белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:

• алсыроо, чарчоо;
• табиттин жоголушу;
• оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу;
• көңүл айлануу жана кусуу;
• дене табынын 38° С чейин жогорулашы;
• көздүн агынын жана теринин саргайышы;
• боор менен көк боордун чоңоюшу;
• тамак сиңирүүнүн бузулушу;
• заңдын түсүнүн жоголушу, агарышы;
• зааранын күңүрт болушу.
С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана дене табынын жогорулашы байкала бербейт.

Көпчүлүк учурларда В жана С гепатити белги-сиз симптомдорсуз өтө тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн.
Көп учурда гепатитти башка ооруларды текшерип жатып, кокусунан аныктап калышат.

Эгерде гепатитти өз учурунда курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат. В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулат жана оор абалдарга – цирроз же боордун рагына өтүп кетет.
Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же баңги заттарды колдонуу боор циррозунун өөрчүүсүн тездетиши мүмкүн.
Талмоорсуу, чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалары менен В жана С гепатиттерине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылгыла.
Кан менен байланышкан манипуляция жасоо учурунда стерилденбеген аспаптарды колдонууда же жалпы саюу-кесүү шаймандарын пайдаланууда дагы шек туулса гепатитке текшерилгиле.
Канда гепатит вирустарынын бар экендигин канга анализ тапшыруу менен гана аныктоого болот.

В жана С вирустук гепатити менен ооруп калбоо үчүн зарыл:

Өздүк гигиена каражаттарын жекече пайдалануу (тиш щетка, устара жана маникюр аспаптарын).

Баңги саюу үчүн жалпы шприц жана ийнени пайдаланбоо.
Медициналык жана косметологиялык процедураларды жасоо учурунда бир жолу пайдаланылуучу аспаптардын стерилденгендигин жана колдонулушун көзөмөлдөө.

Кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан качуу же презерватив колдонуу.

Азыркы учурда В вирустук гепатитине гана каршы вакцина бар.
В гепатитине каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук алдын ала эмдөө календары-на ылайык, балдарга төрөлгөн учурда жасалат жана 2, 3,5 жана 5 айында кайталанып турат. Эмдөө балдарга акысыз жүргүзүлөт.

ВИРУСТУК ГЕПАТИТТЕРДИ ДАРЫЛООГО КАРАГАНДА АЛДЫН АЛУУ ЖЕҢИЛ!

читать на русском

Leave a Reply

Your email address will not be published.