Алдын алуу

Инсульттун белгилери жана алдын алуу

1415

Инсульт – бул 24 сааттан ашык сакталуучу же кыска убакыттын ичинде оорулууну өлүмгө алып келе турган, капыстан пайда болгон жалпы мээ неврологиялык симптоматикасы жана\же оорунун очогунун пайда болуусу менен мүнөздөлгөн мээдеги кан айлануунун курч бузулушу.

Кыргызстанда инсульт өлүм себебинин жыштыгы боюнча экинчи орунда турат.

Инсульт колу-буттардын шал болуусуна, сүйлөө, көрүү жана эске тутуунун, кыймылдын координациясынын бузулушуна, майыптыкка, оор учурларда өлүмгө алып келет.

Кан тамырлардын тромбго бүтөлүп калышы менен коштолгон ишемиялык инсульт же анын тырышуусу жана кан тамырлардын жарылуусунун жыйынтыгында мээге кан куюлучу геморрагикалык инсультту айырмалашат.

Көпчүлүк учурларда инсульттун себеби артериялык гипертензия, атеросклероз, жүрөк оорусу, кант диабети болуп саналат.

Инсульттун өнүгүү коркунучу жогорку артериялык кан басым, ашыкча салмак, физикалык активдүүлүк томен болгон учурда, тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичүүдө, эмоционалдык чыңалуу жана стресстерде жогорулайт.

Инсульт – олуттуу оорулардын бири, ошондуктан өз учурунда шашылыш жардам көрсөтүү үчүн анын белгилерин билүү маанилүү.

Инсульт адам үйдө, жумушта же көчөдө жүргөн учурда кайсы гана жерде болбосун кармашы мүмкүн. Ошондуктан бир же бир канча белгилердин капыстан пайда болушу кайсы гана адамды болбосун тынчсыздандырууга тийиш:
♦ бир тараптагы кол жана/ же буттагы алсыздык жана/же кыймылдардын жок болушу, сезгичтиктин жоголушу
♦ беттин асимметриясы (беттин кыйшаюусу). Жылмаюуга аракет кылган учурда ооздун бурчунун салаңдап калышы
♦ баштын өтө катуу оорушу көп учурда жүрөк айлануу, кусуу менен коштолошу, эстен танышы мүмкүн
♦ көрүүнүн кескин начарлашы же бир көздүн көрүүсүнүн бузулушу
♦ сүйлөөнүн бузулушу: так эмес жана түшүнүксүз сүйлөө же сүйлөй албайт

Белгилердин жок дегенде бирөө болгон учурда даты ошол замат “тез жардамды” чакырыңыз.

“Тез жардамдын” диспетчерине оорулууда инсульттун кандай белгилери байкалгандыгын айтып берүү зарыл.

Дарыгер келгенге чейин эмне кылуу керек:

►бейтапты башынын астына жаздык же кийимден валик жасап, башты 30°ка көтөрүп кандай гана болбосун горизонталдуу тегиздиктин үстүнө жаткыруу керек

►таза абанын келишин камсыздагыла – бөлмөдөгү терезелерди, эшиктерди ачкыла. Жакасынын топчуларын бошотуп, моюнундагы моюн орогучту чечип, галсгугун бошоткула

►куса баштаган болсо, кусунду дем алуу жолдоруна кирип кетүүсүнө жол бербөө үчүн бейтаптын башын капталына бургула

►Жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, татаалдашуулардан качууга жана инсульттан кийин калыбына келүүгө ошончолук мүмкүнчүлүк кеп.

Белгилер пайда болгон учурдан баштап биринчи 3-4 сааттагы жардам бир топ натыйжалуу.

Инсультту алдын алуу максатында

► Тамеки чегүүдөн баш тартыңыз. Тамеки чегүү кан тамырлардын тарышына жана алардын капталдарында атеросклеротикалык бүртүкчөлөрдүн (бляшка) пайда болуусуна түрткү болот.
► Өзүңүздүн артериялык кан басымыңызга көзөмөл кылыңыз. Нормада болгон учурда АБ 140/90 мм сым. мам. жогору болбошу керек.
► Кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин көзөмөлдөңүз. Нормада болгон учурда канттын кандагы камтылышы 6,1 ммоль/л коп змее, ал эми жалпы холестерин – 5,2 ммоль/л коп эмес болууга тийиш.

►Салмагыңызды көзөмөлдөңүз. Эркектердин белинин көлөмү 94 см аялдардыкы 80 см азыраак болуусу керек.
►Тамактануу рационуңузда майлуу, куурулган тамак, ышталган азыктар, кант жана таттууларды пайдаланууну азайтыңыз. Күнүнө 400 г кем эмес жашылча жана жемиштерди жеңиз.
►Алкоголдон баш тартыңыз.
►Туз пайдаланууну чектеңиз. Бышкан тамактарга кошумча туз кошпоңуз.
►Физикалык активдүүлүк менен жумасына 3 жолу 40-50 мүнөттөн алектениңиз. Жоо басуу физикалык активдүүлүктүн эң эле жеткиликтүү түрү.

Эгерде Сизде гипертония оорулары, жүрөк оорусу, кант диабети бар болсо – жашаган жериңиз боюнча дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз, анын сунуштарын так аткарыңыз жана дарыларды үзгүлтүксүз ичиңиз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.