“Үй-бүлөдөгү зордук зомбулук – бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү экинчисинин үстүнөн жасалган физикалык, психологиялык жана сексуалдык жактан болгон үстөмдүгү. Анын эркиндигин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын, укугун бузган, психикалык жана физикалык жактан жапа чегүүгө себепкер болгон иш-аракет”.
Зордук-зомбулуктун бул түрүнө балдар, чоң кишилер, кары-картаңдар, аялдар же эркектер кабылышат. Күйөөсү аялына же болбосо тескерисинче аялы күйөөсүнө, ата-энелер балдарына, а балдар болсо ата-энелерине, улуусу кичүүсүнө карата агрессия көрсөтүшү мүмкүн.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун негизги беш формасын бөлүп алууга болот:
• Физикалык жактан болгон зордук-зомбулук (түкүрүү, түрткүлөө, муштоо, кандайдыр бир катуу буюм менен коюп жиберүү, жаактан ары бир коюу, муунтуу, тепкилеп салуу, курал колдонуу, күйгүзүү).
• Сексуалдык жактан болгон зордук-зомбулук (дайыма сексуалдык жактан кысым көрсөтүү, жыныстык жактан мамиле-ге барууга аргасыз кылуу же күч колдонуу, коркутуп-үркүтүү же шантаж жасоо, аял каалабаган формада жыныстык катнашка баруу же болбосо башка адамдардын көз алдында жыныстык катнаш кылуу, жабырлануучу аялдын ден соолугуна сексуалдык мунөздө зыян келтирүү же ооруксунтуу).
• Психологиялык жактан болгон зордук-зомбулук (сөз менен шылдыңдоо, шантаж кылуу, өнөктөштүн үстүнөн болгон көзөмөлдү орнотуу максатында балдарга же башка адамдарга болгон коркутуп-үркүтүүлөр, жабырлануучуну кемсинтилген иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо).
• Экономикалык жактан болгон зордук-зомбулук (балдарды камсыздоодон баш тартуу, кирешесин жаап-жашыруу, үй бүлөлүк кирешени жеке өзү үчүн гана сарп кылуу, акчалай чечимдердин көпчүлүгүн өзү чечип, акчаны өзү каалагандай сарптоо).
• Чоң кишинин үстүнөн болгон көзөмөлгө балдарды пайдалануу (балдарды барымта катары пайдалануу, бал-дарды чоң кишинин үстүнөн болгон физикалык жана психикалык зордук-зомбулукка тартуу жана мажбурлоо, манипуляция кы-луу жолу менен балдарга ээ болуу максатында ата-энелик укук үчүн болгон күрөш, чоң кишини көзөмөлдөө үчүн, анын бала менен жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратуу).
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун себептери эмнелерде?
Үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун себептери өтө көп жана көп кырдуу.
Төмөндө зордук-зомбулуктун себептери айтылат:
• Көбүнчө зордукчунун бала чагында үй-бүлөсүндө уруш-жаңжалдар көп болуп, атасы энесине кол көтөрүп же болбосо өзү да жапа тарткандыгы себеп болот.
• Өзүн өзү баалай албаган, өзүнө ишене албаган адам зордукчу болот. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн эсебинен өзүн адам катары көрсөткүсү келет.
• Башка адамдардын үстүнөн үстөмдүк жүргүзүүгө умтулуу. Айрыкча балдар өздөрүн коргоого күчү жетпейт. Үйдөгү катаал мамиленин жардамы менен ата-эне балдарына канчалык таасирдүү жана күчтүү экендиктерин көрсөтүшөт.
• Социалдык стрессда үй-бүлөдөгү зомбулукка себеп болушу мүмкүн. Көбүнчө акча-каражатынын жетишпестиги да чоң роль ойнойт. Өз ара ойлордун, көз караштардын туура келбестигинин кайсынысы болбосун, үй-бүлөлүк чыр-чатактын келип чыгышына себепкер боло алат.
• Ичкилик зомбулуктун себеби болгон учурлар да көп кездешет. Аялдар күйөөлөрүнүн мас кезинде агрессивдүү болорун айтышат, бирок көпкө баарлаш-кандан кийин, күйөөсү соо кезинде деле чатакка жакын болуп чыгат.
• Айрым учурда адептүү, билимдүү, сыртынан татынакай болуп эле көрүнгөн эркектер зомбулук көрсөтүшөт. Бул ата-бабалары үй-бүлөнү ушинтип эле башкарып келген деген гүшүнүккө байланыштуу болот.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун натыйжасы кандай болот?
1-Жабырлануучунун өзүнө болгон ишеними жоголот, өзүн өзү баалоосу төмөндөйт.
2-Эмоционалдык жактан бузулуу: капалуу болуп, өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө ойлор келет, дайыма каарданып, ачууланып жүрөт.
3-Өзүнө болгон мамиленин өзгөрүшү: алсыздык, уят, өзүн өзү күнөөлөө, эмнеге мен башка адамдардай эмесмин деген ойлор келет.
4-Зомбулук көрсөткөн адамга болгон мамиленин өзгөрүшү: аны баары колунан келген “кудуреттүү адам” катары көрүп, аны менен болгон мамилеси, өч алуу тууралуу ойлор эрксизден оюна түшөт.
5-Башкаадамдаргаболгонмамилесиөзгөрүлөт: обочолонуп, башкаларга ишенбөөчүлүк пайда болуп, дайыма өзүн “куткаруучуну” издейт.
Зордук-зомбулукту кантип алдын алууга болот?
• Зомбулукка кабылган жабырлануучу кошуналарына жардам сурап кайрылса болот.
• Болгон зордук-зомбулук боюнча керектүү далилдерди чогултуу үчүн сырттан күбөлөрдүн болушу зарыл.
• Эгерде жашаган жерде тууган-урук же тааныштар жок болсо, убактылуу баш калкалоочу жайларга жашап турууга болот.
• Үйдө кийүүчү кийимдин чөнтөгүндө дайыма машинанын же үйүнүн ачкычын салып коюу керек.
• Алдын ала эле жакындарынын керектүү документтерин же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сактоочу жайга өткөрүп коюу керек (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, медициналык камсыздандыруу полиси, кыймылсыз мүлк алуу тууралуу келишимдер, машинанын, үйдүн техникалык документтери ж. б.). Бул агрессордун документтерди жок кылып жиберүүсүнөн сактайт.
Милициянын нөөмөттүк бөлүмүнүн, кризистик борборлордун, медициналык мекемелердин телефон номерин билип алуу зарыл. Анткени бул жерлерде балдар менен аялдарга керектүү жардамдар берилет.
- Милиция: 102
- Кыргызстандын кризистик борборлорунун ассоциациясы Бишкек ш., Киев көч., 27-үй, 401-батир, тел.: +996(312)66 15 92, e-mail: association.kg@gmail.com
- Аялдар жана үй-бүлөлөр үчүн “Сезим” психологиялык кризистик борбору Бишкек ш.,
тел.: + 996 (312) 51 26 40, e-mail: sezim2008@gmail.com - Аялдар жана үй-бүлөлөр үчүн кризисгик борбор Бишкек ш., Трудовая көч., 10 тел.: +996(312)64 48 71
Categories: Алдын алуу, Зордук-зомбулук