Дени сак шаар

“Дени сак шаарлар” Кант шаарында

626

2023-жылдын 27-сентябрында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери “Дени сак шаарлар” программасынын алкагында уюштурулган кезектеги тегерек столду Чүй облусунун Кант шаарында өткөрүштү.  

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурган жолугушууга Кант шаарынын мэриясынын жана муниципиалдык кызматтарынын, ошондой эле башка министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү активдүү катышышты.

“Дени сак шаарлар” программасы – бул өзгөчө платформа. Ал калаанын жашоочуларынын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн биргелешип иштөөгө багытталган.

Тагыраагы: – кызыктар тараптардын башын бириктирүү;

– инновацияларды жана өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу;

– шаардан шаарга карай бирдиктүү тажрыйба алмашуу үчүн аталган платформаны колдонуу;

– коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолдорун табуу болуп саналат.

“Келечекте ар бир шаар жашоонун саясий, маданий жана экономикалык борбору болуп, жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган инновацияларды жана секторлор аралык демилгелерди илгерилетет”

РДЧжМК борборунун адистери шаарды көрктөндүрүү жана элдин дени сак жашоосуна шарттарды түзүү боюнча жогоруда түзүлгөн пландардын негизинде бир нече презентациялардын жардамы менен багыттоочу маалыматтарды беришти.

Анын ичинде: ден соолукту чыңдоо боюнча маселелер, жаштар менен чоңдор арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, кары-картаң адамдардын ден соолугуна эрте кам көрүү ошондой эле ооруларды эл арасында алдын алуу боюнча маалыматтарды жайылтуу максатында уюштурулган онлайн аянтча тууралуу маалыматтар берилди. Андан сырткары программанын негизинде тегерек столдун катышуучулары менен шаарды өнүктүрүү боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланып, мындан аркы кадамдарды команда менен биргеликте  иштешүү макулдашылды.  

Leave a Reply

Your email address will not be published.