ДЕН СООЛУК

КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ АЛДЫН АЛА ДАЯРДАНЫҢЫЗ! ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО БОРБОРУНАН 8 ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

194

Күз-кыш мезгилинин башталышы – үй-бүлөлөр үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратат. Орто жана жогорку билим алуучулардын жайкы эс алуусу аяктап, жаңы окуу жылына шыр эле көнүү оңойго турбайт. Аны менен бирге саратандагы жеңил тамак, күз-кыш айлары организмди керектүү азыктар менен камсыздай албай калат.

Күз айлары суук жана нымдуу аба ырайы менен коштолот. Күндүзгү убакыт кыскарып, D витамининин тартыштыгы байкалат. Демек организмдин вирустук оорулардан коргоочу жөндөмү алсырап, айрым органдардын иштеши начарлайт. Адамдарда чарчоо байкалат, баш оору пайда болот, кыжырдануу сезими ойгонушу мүмкүн.

Жогоруда саналган факторлордун алдын алуу үчүн күз-кыш мезгилинде эмнеге көңүл буруу керек?

1. Күн тартибин такай сактаңыз жана уйкуга жетиштүү убакыт бөлүңүз. Жумуш учурунда тыныгуу жасаганды эсиңизден чыгарбаңыз. Бир сааттык жумуштан кийин он мүнөт эс алыңыз. Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, физикалык жактан активдүү болуңуз. Мелатониндин (уйкуга жардам берүүчү гормон) көбүрөөк пайызы түнкү саат 02:00 – 05:00 чейин уктап жатканда өндүрүлөт. Ошондуктан, 23:00 чейин уктаганы аракет кылыңыз.

Мелатонин организмдин биологиялык саатына (уйку жана ойгонуу циклдери) таасир этип, уйкуну, түнкү эс алууну жөнгө салат.

2. Туура тамактануу сунушталат. Витаминдерге бай, толук кандуу тамактануу иммунитетти көтөрөт. Тамак-аштын курамында белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер жана минералдар жетиштүү болушу керек. Мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, майсыз эттердин, дан эгиндеринин, деңиз азыктарынын жана жаңгактын ар түрдүү диетасы организмди табигый антиоксиданттар менен камсыз кылат. Про- жана пребиотиктерге бай кычкыл сүт азыктары (айран, йогурт, кефир) абдан пайдалуу.

3. Витаминдерге бай жашылча-жемиштерди алдын ала камдаңыз. Күнүмдүк тамактанууга жашылча-жемиштердин түрлөрүн мүмкүн болушунча көбүрөөк киргизүү зарыл. Мындай азык-түлүк өзгөчө балдарга жана карыларга пайдалуу. Ошондой эле чөптөрдөн жана мөмө-жемиштерден даярдалган чай ичип, организмди С витамини менен камсыз кылуу жолдорун ала ойлонуңуз.

4. Физикалык активдүүлүк эч качан ашыкча болбойт. Спорттук иш-чараларга катышуу күз-кыш айлары организмге кошумча дем берет. Спорт залдарына, бассейнге барыңыз, футбол же башка спорттук оюндар менен алектениңиз. Велосипед тебүү, бат басуу, жада калса лифттен баш тартып, тепкич менен кабаттарга көтөрүлүү физикалык активдүүлүктүн талаптарына жооп берет.

5. Стресстик абалдан оолак болуңуз.  Биз көп уккан күзгү блюздун жөнөкөй түшүндүрмөсү бар. Бактылуулук гормону серотонин мелатонин тарабынан синтезделет. Анын организм тарабынан иштелип чыгышы күндүзгү сааттын азайышынан төмөндөйт. Мындан улам адам стресске жакын болуп, кыжырданат жана депрессияга кабылышы мүмкүн. Бул иммундук системага терс таасирин тийгизет. Жагымдуу музыка угуу, сейил бактарында сүрөткө түшүү, үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүү стресстик абалдан куткарат. Сейрек жашоо мүнөзү – стресстен арылуунун бир жолу.

6. Туура кийинүү. Аба ырайына ылайыктуу кийинип, суук күндөрү денеңизди жылуу кармаш үчүн табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийиңиз. Нөлден ылдыйлаган аба ырайында жука кемселдерди, чолок шымдарды же кыска юбкаларды кийүү кооптуу. Эң башкысы – баш кийим. Башты жылуу кармоо бир топ кооптуу оорулардын алдын алат.

7. Үйүңүздө ыңгайлуу шарттарды сактаңыз. Бөлмөнүн ичинде +18ден +22°Сге чейин, нымдуулук 50-60% пайыздын тегерегинде болушу кажет. Нымдуулуктун жетишсиздиги мурундун жана тамактын былжыр челине зыян келтирет. Ал эми көбүрөөк нымдуулук көктүн пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жогорку температурада адам ыңгайсыздыкты сезиши мүмкүн, ошондой эле патогендик бактериялардын активдүү өсүшү байкалат. Кичинекей балдар бар үйдөгү нымдуулук менен бөлмөнүн ичиндеги температураны атайын каражаттардын жардамында өлчөп турганыңыз оң.

8. Дарыгерге кайрылуу – дени сак жашоонун тартиби. Дарыгерге ооруган учурда гана кайрылуу керек деген түшүнүк жаңылыштык. Курагы 40 жаштан өтүп калган жарандар оорулардын алдын алуучу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусу кажет. Анткени кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу дарттар билинбей өрчүйт.

Организмди суук аба ырайына даярдоо үчүн кеминде бир ай талап кылынат. Андыктан азыр, кечиктирбестен түнкү уйкуңузду жакшыртыңыз. Тең салмактуу туура тамактаныңыз. Стресстик абалдын алдын алыңыз. Дене тарбия менен алектенип, чыңалыңыз.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору сизге чың ден соолук жана узун өмүр каалайт!

Categories: ДЕН СООЛУК

Leave a Reply

Your email address will not be published.