COVID 19

КАЛКТЫ ЭМДӨӨДӨ ТУУРА КОММУНИКАЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮ

195

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери COVID-19га каршы эмдөөдө туура коммуникация жүргүзүү жаатында медицина кызматкерлерине окутууларды өткөрүп жатышат.

Мындай иш-чаралар Республиканын бардык аймактарында өтүүдө.

Бүгүнкү күндө окутуу Нарын облусунун Ат-Башы районунда болуп Коронавирус инфекциясына каршы эмдөөлөрдү жүргүзүүдө медицина кызматкерлери вакцина тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин туура жеткиргенге бир топ жаңы ыкмаларды үйрөнүштү. Андан сырткары вакциналар жөнүндө далилденген, тастыкталган маалыматтар берилип, вакцинанын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу тууралуу маалыматтар бөлүшүлдү “.

“Бүгүнкү окутууда бизге сунушталган маектешүү модели калк арасында вакцинага болгон ишенбөөчүлүгүн төмөндөткөнгө жардам берет.
Калктын эмдөөгө болгон жүрүм турумун туура жакка өзгөртөт деп ишенем.
Бул окутуу бизге абдан пайдалуу болду. Себеби күнүмдүк практикада колдонгонго керек болгон маалыматтарды алдык, эми бизге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бир кыйла жеңил болоруна ишеним артып турам, мындай пайдалуу, маалымдуулгу көп окутуулар дагы да көп болуп турса дейбиз, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистерине терең ыраазычылык билдиребиз”-деп билдирди Ат-Башы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун N-4 ҮДТнун дарыгери Назармамбетова Гульнара.

Leave a Reply

Your email address will not be published.