ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кант диабетине туруштук беребиз”

358

Саламаттык сактоо министрлигинин алдыныдагы Бишкек шаардык эндокринологиялык борборунда 28-ноябрь куну ” Кант диабетине туруштук беребиз” аттуу семинар болуп өттү.


Эндокринологиялык борборунда 28-ноябрьда диабетикалык ассоциациясынын президентинин уютуруусу менен, кант диабети бар адамдар, мындан сырткары кант диабети боюнча, акцияга катышкан, медицина адистеринин көзөмөлүндө болгон бейтаптар да бул иш-чарага катышты. Семинарда, кант диабети ар бир бейтап кант диабети кантип пайда болгону, кайсы учурда байкалып баштаганы тууралуу бөлүшүштү. Акцияга катышкан бейтаптардын жашы 22 ден баштап 67 ге барат. Кант диабети бар адамдардын саны статистика боюнча 256мин адам бар болгону менен, кайрылгандардын саны 74минди гана түзөт. Кант диабети Дүйнөлүк денгээлде анын ичинде Кыргызстанда да чон проблема болуп келет. Бул симптомдун белгилерине – ооздун кургашы, баш айлануу, зааранын бат-баттан чыгып туруусу, салмактын тез көбөйүп кетиши.

Кант диабетин кантип алдын алууга болот?
• Кант кошулган азыктардын ченемин азайтыныз
• Дайыма кыймыл-аракет кылып туруу абзел
• Туура тамактанып,жашылча жемиштерди рационго кошунуз
• Жылына 1 жолу кандагы кантты текшертип турунуз

Кант диабетининин симптомдоры пайда болсо сөссүз түрдө даарыгерге кайрылыныз.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.