ЖАҢЫЛЫКТАР

Кичинекей балдар арасында сасык тумоонун алдын алуу

211

Кичинекей балдарда оору кандай өтөөрүн алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан балдар арасында сасык тумоонун тарап кетишинин   алдын алуу маанилүү.

Кичине балдар арасында сасык тумоонун алдын алуунун өзгөчөлүксүз чаралары.

  •  Кичине балдар арасында сасык тумоонун  алдын алуунун өзгөчөлүксүз негизги чаралары болуп жеке гигиена эсептелет. Бул нерселердин кээ бирин балага кичине кезинен эле үйрөтүү керек. Мисалы, өзгөчө тамак ичээр алдында тез-тез колун жууганга көндүрүү. Балаңызга коомдук жайларда колун бетине тийгизбөөнү эскертип туруңуз. Себеби пандустарда, столдордо жана башка нерселерде оорулуу адамдын шилекейи калып калышы мүмкүн.    
  • Көп учурда ата-энелер баласын ооруп калбасын деп кооптонгондуктан,бөлмөнү желдептей, терезелердин баарын жабык бойдон кармашат. Кургак жана жылуу аба вирустун тарашына жакшы шарт түзөт. Андан көрө баланы жылуу кийинтип, ал жайгашкан бөлмөнү күнүнө бир жолудан желдетип туруу керек. 
  • Эгер үйдө оорулу адам пайда болсо, аны баланыздан алыс кармаңыз, бет кап кийгизип,идиш-аягын өзүнчө бөлүп койуңуз.
  • Балдарды сасык тумоодон алдын алуунун эң жакшы жолу – дени сак жашоо. Дайыма уйктоо, таза абада сейилдөө, туура тамактануу, стресс болбоо – булардын баары баланы ооруларга каршы туруусуна жардам берет.
  • Балдарды сасык тумоодон атайылап алдын алуу
  • Эмдөө: сасык тумоододон эмдөөлөр балдар арасында оорунун тарашына 60-90 пайызга төмөндөтөт. Эмдөөнү алты айдан баштаса болот. 
  • Иммуномодулдоочу: ар кандай иммундук жана биостимуляторлор иммунитетке таасир берип, коргонуу касиетин жогорулатат. Иммуномодулдоочу заттарды көп колдогондо, табыгый иммунитет алсырап калат деген дагы пикирлер бар.  Ошону менен бирге колдоо көрсөтүүчү курамында эхинацей, кытай лимонниги ж.б. бар   дары-дармектерди колдонуу сунушталат.  

Фитонциддер. Сасык тумоодон табыгый дезинфекция сактайт, мындай сапат кээ бир өсүмдүктөрдө кездешет, (негизинен ийне жалбырактуулар – арча жана эфир майлары, эфкалипт)  ошондой эле фитоцид камтыган өсүмдүктөр (пияз, сарымсак)   

  • Эне сүтү.  Эмчек эмген балдар үчүн сасык туумоонун алдын алуудагы эң мыкты каражат эне сүтү болуп эсептелет.

 Балдар арасындагы сасык тумоону алдын алуу өтө оор жана көп каражат колдонуучу иш чараны талап кылбайт, эмдөө жана өздүк гигиенаны сактоо менен сергек жашоо мүнөзүн кармануу керек. Бул абдан маанилүү, акыбети кайтпай койбойт ал сиздин балаңыздын саламттыгынын чыңболушу.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.