ЖАҢЫЛЫКТАР

КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары дени сак жашоону тандайт

137

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” жаштар форуму болуп өттү. КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштары аралык кызматташууну өнүктүрүүну ниеттенишкен. Анда мамлекеттик кызматтагы кадр резрвин түзүү, билим берүү системасындагы зарыл болгон кадамдар, креативдүү экономика жана саламаттыкты сактоо жаатындагы маанилүү маселелерди талкуулоо максаты ишке ашты.

Жаштар форумунун алкагында бир катар сессиялар өтүп, анда чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү эки тарапка пайдалуу кызматташуу боюнча өз идеяларын жана сунуштарын айтышты.

Сессиясынын жүрүшүндө БДССУ Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Алийна Алтымышева жана Гулбарчын Суйунова модератор болушту.

«Ден соолукту чыңдоо ар бир коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Жаштар арасында тамеки тартуунун азайышы бойго жеткенде өнөкөт оорулардын алдын алуунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат»

«Жыл сайын тамеки 8 миллион адамды өлтүрөрүн эстен чыгарбоо керек – бул ар бир төрт секундада бир адамга туура келет. Бул өлүмдөрдүн 7 миллиондон ашыгы түздөн-түз тамекини колдонуунун натыйжасы, ал эми 1,2 миллионго жакыны тамеки тартпагандар тамеки чегүүсүнө азгырылып кабылышат»

Бул себептүү Кыргызстанда тамеки жана кальяндын зыяндуу түтүнүнөн айлана-чөйрөнү жана адамдарды коргоо тууралуу кабыл алынган мыйзамдын негизинде жаштарды иш алып барууга чакырды.

«Ден-соолукту акчага сатып ала албайт – сергек жашоо образын колдонуу ден соолукка кыйла пайдалуу» бул тууралуу «Enactus» Кыргызстан директорлор кеңешинин төрагасы Арсланбек Кененбаев билдирди.

«Ал эми Кыргызстандын спорттук лидерлеринин бирден-бир ийгилик тарыхы, тамеки жана алкогол ж.б ден соолукка зыян алып келген заттарга каршы тургандыгында, эгер сен спорт менен машыксан башка нерселерге убактын деле жетпейт, машыгууга аракет кыл», – деп белгиледи КРнын Аялдар футбол ассоциациясынын вице-президенти Айдана Оторбаева.

Ал эми БДСУнун грузиядагы кенешчиси Акаки Зоидзе Грузиядагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тамеки – жаңы муундун ден соолугунун эски душманы. Аны бир жолу колдонуп көргөндөн кийин бардык клеткалар ойгонот, мындан кийин психологиялык көз карандылык пайда болот, организмдеги ойгонгон клеткаларды токтотуу кыйын болуп калат. Ошол себептүү жаштарды тамекиден коргоо үчүн алар психологиясын өзгөртүүгө жардам берүүбүз керек!

Эгер билсенер тамекинин жана кальяндын курамындагы зыяндуу заттар билинбесин деп аларга 18000 тропикалык ж.б жыпар жыттар кошулат. Жыйынтыгында ал таттуу, жагымдуу даамды пайда кылып организмди азгырып баштайт, силер азгырылбагыла!

Грузия депутаттары тамекинин изилдөөлөрүн билгенден кийин тамекиге каршы мыйзамдын кабыл алынуусуна 85%га колдоп беришкен. Эгерде мыйзамга каршы чыккан адам болсо милдеттүү түрдө айып пул салынат.
Учурда КМШ жана ЕАЭБ жаштарына айтаар элем, келечек жаштардын колунда, силер Грузиядагыдай тартипти орнотууга аракеттенгиле демекчимин».

Андан кийин сессия жаштар арасында кызыктуу суроо-жооп жана оюндар менен коштолду.

Эскерте кетсек, Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. Иш-чарага 250дөн ашык делегат катышты, алар, жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү, дипломаттар, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.