Экологиялык шарт

Коргошун адамдын организмине кандай таасир берет?

10

Коргошун – бул адамдын организмине уулуу таасирин тийгизген оор металл.

Коргошун абада, сууда жана топуракта кездешет. Ал өнөр жай ишканаларынан чыккан чаңда, эски аккумуляторлордун кутуларында, жада калса тамекинин түтүнүндө бар.

Ошондой эле коргошунду жергиликтүү боектордо, косметикада, жыпар-жыттуу тамак татымалдарында, оюнчуктарда, металл жана керамикалык идиш-аяктарда кездештирүүгө болот.

Балдарыңыздын эски оюнчуктарды кемиришине, сырдалган жерлерге тилин тийгизишине, боектордун күкүмдөрүн оозуна салышына жол бербеңиз.

Коргошун организмге кандай таасир берет?

Коргошун – бул нерв системасы менен жүрөк кан-тамырлардын ишин начарлаткан күчтүү уу.

Жада калса дени сак көрүнгөн адамдын канында коргошундун өлчөмү жогору болушу мүмкүн. Анткени анын белгилери көзгө көрүнүп, дароо байкала бербейт.

Изилдөөлөр далилдегендей коргошундун таасири ден соолуктун ар кандай олуттуу көйгөйлөрүнө, анын ичинде эс тутумдун начарлашына, координацияны жоготууга, сүйлөөнүн жана угуунун бузулушуна, ичтин оорушуна, дене мүчөлөрүнүн уюшуна, алсыроого жана салмак жоготууга алып келет.

Баарынан мурда балдар кыйналат. Анткени алардын нерв системасы жетиштүү деңгээлде калыптанган эмес. Жада калса коргошундун аз өлчөмү балдар үчүн кооптуу – жетилишин кечеңдетип, ой жүгүртүүсүн (IQ) начарлатат жана билим алуусуна кедергесин тийгизет.

Кош бойлуулукка чейинки жана убагындагы коргошундун таасири өтө зыяндуу болушу мүмкүн. Келечектеги эненин сөөктөрүндө топтолгон коргошун анын эрте таасир этүүсүнүн жыйынтыгында кош бойлуулук убагында бошонушу мүмкүн.

Кош бойлуу аялдын организминдеги өтө көп өлчөмдөгү коргошун төмөндөгүлөргө алып келиши мүмкүн:

– бойдон түшүү тобокелдигинин жогорулашы

– баланын эрте төрөлүшү

– баланын мээсин, бөйрөгүн жана нерв системасын бузуу

– окууга жана жүрүм-турумга байланыштуу көйгөйлөрдү жаратуу.

Коргошундун ден соолукка тийгизген кесепеттерин толугу менен алдын алууга болот! Эгер коргошундун булактарын билип, аларды колдонуудан алыс болсоңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.