ЖАҢЫЛЫКТАР

Коргошун уулануусунун алдын алуу боюнча адистер үчүн вебинар өткөрүлдү

298

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында  коргошун менен уулануунун тобокелчилиги жана алдын алуу тууралуу маалымат берүү максатында, 2025-жылдын 21-октябрында Үй бүлөлүк дарыгерлер (ҮБД) жана Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ) Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери үчүн «Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы (13-72 жумалык) балдардын канындагы коргошун деңгээлин изилдөө» деген темада вебинар өткөрдү.

Вебинарда төмөнкү темаларда презентациялар көрсөтүлдү:

• Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы (13-72 жумалык) балдардын канындагы коргошун деңгээлин изилдөөнүн жыйынтыктары;

• Кыргыз Республикасындагы коргошун менен булгануунун негизги булактарын аныктоо боюнча үй чарбаларында жана базарларда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары;

•Балдарга коргошун менен ууланганда кызмат көрсөтүүнүн принциптери.

Вебинарга 84 адис катышты. Ар бир берилген кызыктырган суроолорго эксперттер жооп беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.