ЖАҢЫЛЫКТАР

Кургак учук боюнча маалыматтарды жайылтуу, Жалал-Абад шаары

438

2017-жылдын 23-мартында Жалал-Абад шаарында «Кургак учук боюнча калкка маалымат жайылтып, туберкулез менен ооруган бейтаптарга кам көрүүдө кодулоо жана басмырлоону азайтуу» бул иш-чара «Кургак учукту жеӊебиз» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облустук ден соолукту чыӊдоо борборунун колдоосунда уюштурулду.

 Иш чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, шаардык жергиликтүү бийликтин, коомдук жана диний ишмерлер жана саламаттыкты сактоо министрлигинин облустук өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун негизги темалары, кургак учук оорусу боюнча коомго маалымат тартатуу маселелери, бейтаптарга коомдук жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүп, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү боюнча маселелер талкууланды.

«Кургак учукту алдын алуу боюнча кал арасында биз тарабынан активдүү иш алып барылууда. Аймактарда активистерди тартуу менен ар кандай иш чаралар өткөрүлөт, мисалы 21 мартта Сузак районуна караштуу Барпы айылында спорт оюндары, маалымат баракчаларын таратуу менен оюн зооктор өткөрүлдү. Айыл өкмөтү активдүү катышып, байгелүү оорундарга сыйлыктарды камсыз кылууда каражат табышты. Ден-соолукту чыӊдоо маселесине айыл өкмөтү активдүү катышканын баса белгилегим келет», –деди ден соолук чыӊдоо бөлмөсүнүн жетекчиси Шайлоокан Торобекова.

«Биз аймактарда мамлекеттик жана коомдук уюмдарды тартуу менен бейтаптарды колдоо тууралуу калкка маалымат жеткирүү максатында бир нече тегерек столдорду өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Андан тышкары иш чаранын алкагында коомдук лидерлер, айылдык ден соолукту чыӊдоо комитеттери менен диний ишмерлер отросундагы кызматташтык күчөйт. Республикалык ден соолукту чыӊдоо борброу менен биргеликте   жаӊы маалымат баракчалары, аудио-видеороликтер,булардын баардыгы калк арасындагы кургак учук менен ооруган бейтаптарга болгон стигма кордоо, басмырлоону азайтып, абалын жакшыртууга багытталган»,-деди АКСМ дин «Кургак учукту жеӊебиз» долбоорунун адиси Чолпон Ибраимова.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.