ЖАҢЫЛЫКТАР

«Кургак учук менин жашоомду кандайча ɵзгɵрттү?» темасындагы дил баяндардын жана сүрɵттɵрдүн конкурсу

384

USAID тарабынан  каржыланып  жаткан «Кургак учукка жалпылап каршы туруу»  (Challenge TB) долбоору жана “Доор” коомдук фонду бардык кызыкдар адамдарды «Кургак учук менин жашоомду кандайча ɵзгɵрттү?» темасындагы дил баяндардын жана сүрɵттɵрдүн конкурсуна катышууга чакырат. Чыгармачылык иштери ар түрдүү темаларды камтышы мүмкүн: кургак учук менен ооруган адамдардын коркуу жана санаага батуусу, түйшɵлүү сезимдери, туугандарынын жана кошуналарынын катышуулары, дарылануу процесси, коомдогу кысымга алуулар жана кɵптɵгɵн башка нерселер. Дил баяндар орус жана кыргыз тилдеринде болушу мүмкүн.

Өзүңɵрдүн дил баяндарыңарды же сүрɵттɵрүңɵрдү баяндап жазып  28-февралга чейин challengetb.kyrgyzstan@gmail.com же «Кургак учукка жалпылап каршы туруу»  долбоорунун кызматкерлерине берсеңер болот. Коштоочу маалыматта аты-жɵнүңɵрдү, телефон номуруңарды жана жаш-курагыңарды кɵрсɵткүлɵ. Эң мыкты иштер атайын белектер менен сыйланат. Конкурска катышуу үчүн келип түшкɵн иштер кɵчмɵ кɵргɵзмɵгɵ коюлат, мындан сырткары, долбоордун расмий сайтына жана анын социалдык түйүндɵрдɵгү баракчаларына коюлат. Каалоолорго жараша иштер авторунун аты-жɵнүн кɵрсɵтпɵстɵн коюлат.

Конкурс кургак учук менен ооругандарга карата кысымга алууну жана басмырлоону азайтууга,  оорулууларды социалдык жактан изоляцияны азайтууга, кургак учукту ɵз убагында жана туура дарылоого салым кошууга багытталган.

 «Кургак учукка жалпылап каршы туруу»  долбоору  Кыргыз Республикасында жергиликтүү ɵнɵктɵштɵр менен биргеликте  Бүткүл  Дүйнɵлүк  Саламаттыкты  Сактоо Уюму тарабынан сунушталган дарылоонун жаңы режимин жана кургак учукка каршы дары-дармектерди  киргизүү үчүн иштеп жатат, жана кɵптɵгɵн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен оорулуулардын баарын кучагына алат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.