ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстандын Мамлекеттик желек күнү менен куттуктайбыз!

390

Кыргызстанда жыл сайын 3-мартта Мамлекеттик желек күнүн белгилейт. Кыргыз Республикасынын Туусу 1992-жылы 3 мартта Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген.

Желектин авторлору жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков

Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт

Эгемендүү Кыргызстандын желеги биринчи жолу 1992-жылдын 5-мартында Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүндө көтөрүлгөн. Быйыл желеке 25 жыл болду.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.