Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Ага Хан фондy менен биргеликте «Ден соолуктун негиздери, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун алкагында «Кызгылт Октябрь — сүт безинин рагы тууралуу маалымдуулуктун айы» кампаниясын улантууда.
2025-жылдын 15–19-сентябрында Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү «Кызгылт октябрь — сүт безинин рагы тууралуу маалымдуулуктун айы» кампаниясынын алкагында.

Медициналык кызматкерлер, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү, социалдык коргоо боюнча акимдин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, коомдук лидерлер (анын ичинде аял лидерлер), ар кандай ведомстволордун жана ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле айылдык ден солук комитеттеринин ыктыярчылары тренингдерди өткөрүлдү.

Бул күндөрү Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунда маалыматтык сессиялар уюштурулуп, калк сүт безинин рагын алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча маанилүү маалымат алды.
Мындай иш-чаралар Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда жана Нарын облусунун Нарын районунда дагы өткөрүлөт.

2024-жылдын «Кызгылт Октябрь» кампаниясынын жыйынтыгында 19 аялдан онкологиялык оорулар аныкталган. Бул көрсөткүч коомчулук, дарыгерлер жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн далилдейт. 2025-жылы да эрте аныктоо боюнча иштер улантылып, өлкөнүн дагы көптөгөн аймактарын камтыйт.

Гендердик тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында бул кампанияга эркектерди да камтуу пландалууда. Бул алардын маалымдуулугун жогорулатууга жана аялдардын ден соолугуна колдоо көрсөтүүгө катышуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
ДСЧжанаМК жана Ага Хан фонду бардык аялдарды саламаттыгына көңүл бурууга, үзгүлтүксүз алдын алуу кароолордон өтүүгө жана унутпоого чакырат: эрте аныктоо — өмүрдү сактайт.
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
562 


