COVID 19

Өлкөдө эпидемологиялык абал боюнча бүгүнкү күнгө алынган (21.06.2021) маалымат.

245

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинин азыркы учурдагы эпидемологиялык абалы, өтө курч бойдон сакталууда, мындан улам ар бириңиздер өз ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн КОВИД 19 га каршы эрежелерди толук түрдө сактаңыздар. 

▲ Бардыгы болуп бир сутка ичинде COVID-19 585 адамдан табылды.
▼ Бардыгы болуп бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда 360 адам сакайып чыкты.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,4 түздү.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурларынын саны 6га жетти.
Акыркы сутка ичинде ПЧР изилдөө 4698 адамга жүргүзүлгөн.
Стационарда 2403 бейтап дарыланып жатат.
Амбулатордук дарыланууда – 4803 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5114 учур катталган, алардын ичинен 4761 медкызматкер сакайды.

Республикалык штаб жарандарды, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Эпидемиологиялык кырдаалга  байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди тыкыр сактоону өтүнөбүз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.