ДЕН СООЛУК

Медицина кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча республикалык турнир башталды

109

Бүгүн, 28-июнда медицина кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча республикалык турнир башталды. Беттеш Ысык-Көлдө КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтүүдө.

Мелдешке он команда – республиканын жети облусунун, Бишкек, Ош шаарларынын өкүлдөрү жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын командасы катышууда.

Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай уюштурулган турнир эки күнгө созулат. Финал жана сыйлык тапшыруу аземи эртең болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.