Алдын алуу

Бишкек шаарында «Менин ден соолугум – менин укугум» аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган жарыш болуп өттү

599

Бүгүн, 6-апрелде, жыл сайын 7-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны астында жарыш болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү  Ливиу Ведрасконун башчылыгы менен уюштурулду.

Ага ардактуу коноктор – Жогорку Кенештин депутаттары, КРнын көрүнүктүү спортчулары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле медицина кызматкерлери, бишкектиктер жана борбор калаанын меймандары катышты.

Борбор калаадагы жарыш Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлүп жаткан Ден соолук жумалыгынын башталышы болду.

Жарыштын катышуучуларынын жана меймандардын астында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна физикалык активдүүлүктү интеграциялоонун маанилүү экендигин белгиледи. Ал Кыргызстандын бардык жарандары сергек жашоого укуктуу жана өзүнүн физикалык жана психикалык жыргалчылыгына кам көрүүгө жооптуу экендигин белгилеп кетти.

“Саламаттык сактоо министрлиги ар бир адамды өзүнүн жашоосуна оң өзгөрүүлөрдү киргизүүгө жана өз саламаттыгына активдүү кам көрүүнү баштоого чакырат. Ден соолук – бул биздин эң баалуу байлыгыбыз, ал эми  физикалык активдүүлүк – сергек жашоо мүнөзүнүн негизги курамдарынын бири. Бүгүн биздин жарышты колдогондордун бардыгына жана биз Ден соолук күнүнүн алкагында уюштурган иш-чараларга катыша тургандарга ыраазычылык билдирем. Биз биргелешип активдүү жана дени сак коомду кура алабыз”, – деп белгиледи министр.

КРдагы БДСУнун өкүлү, д-р Ливиу Ведраско ошондой эле бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди жана ушул жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн: «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны маанилүү экендиги тууралуу эскерте кетти.

“Чынында эле ден соолук – бул жөн гана артыкчылык эмес, бул ар бир адамга жеткиликтүү болууга тийиш болгон ар бир адамдын фундаменталдык укугу. Бүгүн биз аралыктан чуркап өтүү үчүн эле эмес, ошондой эле биздин негизги укугубуз болуп саналган ден соолукту колдой турганыбызды тастыктоо үчүн чогуу стартта турабыз. Эсиңиздерде болсун, биз бүгүн жасай турган ар бир кадам бизди дени сак жана бактылуу келечекке жакындатат», – деди ал.

Жарыш дени сак жана активдүү жашоого умтулууда өз колдоосун жана жигердүү катышуусун билдирген ар кандай курактагы жана ар кандай физикалык даярдыктагы көптөгөн катышуучуларды топтоду. Катышуучулар мелдештин, бирок эң маанилүү талаш – өз ден соолугу тууралуу талаштын духун сезишти.

7-апрелден 13-апрелге чейин өтө турган Ден соолук жумалыгынын алкагында өлкөнүн ар бир областында сергек жашоо мүнөзү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле спорттук маданиятты өнүктүрүү тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чаралар өтмөкчү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.