COVID 19

ПАРАЦЕТАМОЛ – дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дары, бирок анын сезгенүүгө каршы таасир бербейт!

352

Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармкөзөмолдөө жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова айтып берди.

Парацетамолду колдонуу боюнча негизги сунуштар:

Алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт – бул боорго таасирин тийгизет!
Дарылоонун узактыгы: дене табын түшүрүү каражаты катары 3 күндөн ашык эмес, ооруну басаңдатуу каражаты катары 5 күндөн ашык эмес колдонуу керек.
Белгиленген дозадан ашырбоо зарыл!
Парацетамолдун ашыкча дозасы боордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн!

Атайын көрсөтмөлөр:

Парацетамолду, башка курамында парацетамол бар дарылар менен бир убакта колдонууга болбойт, бул ашыкча дозага алып келиши мүмкүн.
Дарыны 5 күндөн ашык колдонууда кандын жана боордун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө керек.
Ашыкча дозанын белгилери:
• теринин кубаруусу;
• жүрөк айлануу, кусуу;
• ич ооруу;

Ашыкча дозадан улам боордун функциясынын бузулушунун симптомдору 12-48 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Өтө ашыкча дозаны колдонгондо боордун жетишсиздиги: энцефалопатияга, комага, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми курч бөйрөк жетишсиздигинен аритмия, панкреатит өөрчүшү мүмкүн.

Leave a Reply

Your email address will not be published.