ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМКнын адистери Нарын облусунун бардык райондорундагы ДЧК адистерине мобилография боюнча тренинг өттү

816

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери, Нарын шаарынын жана Кочкор, Ак Талаа, Жумгал, Ат-Башы райондорундагы  ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине коммуникациялык байланыш жана мобилография боюнча тренинг өттү.

Катышуучуларга учурдун талабы болгон социалдык тармактар аркылуу (инстаграмм, фейсбук, тик-ток) элге маалымат берүүдө, медицина темасын туура чагылдыруу боюнча релиз жазуу, фото жана видео тартуу эрежелеринин жеңилдетилген ыкмаларын окутуп, практикалык түрү үйрөтүлдү.

Окутуунун максаты, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бардык райондордундагы ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистеринин ишин, социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырып,  жумушун активдештирүү. Ошондой эле,  саламаттык сактоо мекемелеринин социалдык туйундөгү баракчаларын текшерип чыгып,  активдүүлүгү жокторго адистер  тиешелүү баракча ачып берип,  аны коолдонуунун жеңил түрлөрүн практикалык түрдө көргөзүп берди.

Мындан тышкары,жергиликтүү калк менен тыгыз иштешип, элдин саламаттыгын сактоодо профилактикалык жумуштарды активдүү алып баргандыгы үчүн РДЧжМКнын директору Алтымышева Нурила Алмазбековнанын тапшырмасы менен Кочкор жана Ак-Талаа райондорунун ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Эске салсак буга чейин, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Талас облусунун да ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине коммуникациялык байланыш боюнча тренинг өткөрүп, социалдык тармактарды туура колдонуу, маалыматты так жана туура берүү боюнча тренинг өткөн.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.