Кыргызстанда 23-апрелден 29-апрелге чейин Европалык иммунизация жумалыгы башталган. Анын максаты – ар бир адамдын узак жана дени сак жашоого өбөлгө түзүүгө, вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүнүн камсыз кылууга багытталган.
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/1806340.8602d8a4752e4fd3ea4afa3dc3c3ea0c.jpg)
Мындан тышкары, Европалык иммунизация жумалыктын алкагында өлкө боюнча, профилактикалык эмдөө календарына ылайык 76 мобилдик бригада балдарды жана жарандарды пландуу эмдөөдөн өткөрдү. Ошондой эле, калкты дагы COVID-19га каршы эмдөө иштери жүрүүдө.
![](http://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-15.50.26.jpeg)
Жумалыктын жыйынтыгында, 29-апрель күнү Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору “ COVID-19жана вирустук инфекциялардын жайылуусун алдын алуу максатында, маалыматты элге туура чагылдыруу боюнча журналисттер арасында тажрыйба алмашуу максатында пресс-кафе” өткөрдү.
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/izobrazhenie_2023-04-29_162225377.png)
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-15.50.25.jpeg)
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-16.18.56.jpeg)
Иш-чарага борбор калаадагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эркин журналисттер катышты.
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-15.50.26-3.jpeg)
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-15.50.26-1.jpeg)
Жолугушууда калкты пландуу эмдөөдөн өткөрүү, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, гинекологиялык жана онкологиялык оорулар боюнча талкуу болду.
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-16.18.57-4.jpeg)
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-29-at-15.50.26-4.jpeg)
Журналисттер Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен мындан ары тыгыз кызматташууга жана маалыматты туура жеткирүүго даяр экенин билдиришти.
Categories: COVID 19, COVIDге каршы эмдөө, ЖАҢЫЛЫКТАР, Эмдөө