ЖАҢЫЛЫКТАР

Россияда эмгектенген мекендештердин балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

423


КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо борбору Россияда эмгектенген мигранттардын балдарына каалгасын ачты. Бүгүн министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков башында турган делегация, Жогорку Кеңештин депутаты менен бирге балдарды эс алууга узатышты.


Бул саамалык 8-10 июнь күндөрү КР Экономика жана коммерция министрлиги башында турган кыргыз делегациясынын Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ишке ашты. Мында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевага кайрылып, балдарын “Алтын Балалык” ден соолук борборуна жөнөтүү демилгесин көтөргөн. Мунун алкагында 1-августта КР Саламаттык сактоо министрлиги 120 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Алардын ичинен 100 бала Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынан келген.


“Чет мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиз Кыргызстанга жыл сайын каражат которуп, экономиканы көтөрүүгө чоң салым кошуп жатышат. Өз кезегинде биз министрлик тарабынан аларга ыраазычылык иретинде балдарын “Алтын Балалык” борборуна жөнүп турмакчыбыз”, – деди министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.
Чет жерде эмгектенген мекендештердин балдарын Кыргызстанга тартуунун тарыхий мааниси бар деди өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева. Анын айтымында балдар бөтөн жерде жүрсө да өз мекенин унутпашы кажет.
“Башка мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиздин Кыргызстанды көрбөгөн балдары көп. Алар мекенин, тилин жана каада-салттарын унутуп калбашы үчүн мындай иш-чараларды өткөрүү маанилүү”, – дейт Нурийла Шериева.


Ал бир гана Россияда эмес, башка мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин балдарын “Ден соолук” борборуна жөнөтүү долбоору улантылаарын кошумчалады.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.