26-июнда Саламаттыкты чыңдоо жана массалык коммуникациялар республикалык борборунун кызматкерлери баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган “Тандоо жана кесепеттер” интерактивдүү акциясына катышты.
Иш-чара Ынтымак паркында Психиатрия жана наркология республикалык борбору, Саламаттыкты чыңдоо борбору, КР ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы, Корея Республикасынын прокуратурасы, эл аралык уюмдар жана жарандык сектор тарабынан уюштурулду.
Каалоочулар глюкометрдин жардамы менен кандагы канттын деңгээлин жана смокелайзер менен көмүр кычкыл газынын деңгээлин текшеришти. Дарыгерлер тамекини таштагысы келгендерге кеңештерди берип, дени сак жашоо образын жүргүзүү боюнча консультацияларды өткөрүштү жана маалыматтык материалдарды таратышты.

Акциянын коноктору дарыгерлер, психологдор жана жеке тажрыйбасы бар адамдар менен баарлашууга, ошондой эле викториналарга катышты.

Мындан тышкары, атайын багыттагы аскерлердин жана кинологдордун көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү – коноктор активдүү катышуучу болгон иммерсивдүү көргөзмө болду. Интерактивдүү элементтер, үн жана визуалдык эффекттер аркылуу алар баңгизаттарды тандоонун терс кесепеттерин көрсөткөн сценарийге чөмүлдү.
Categories: Психоактивдүү заттарды колдонуу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
995 






