Бул тууралуу КР ССМнын Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбекова билдирди.
![](https://saksalamat.kg/wp-content/uploads/2022/07/WhatsApp-Image-2022-04-05-at-16.41.49-1.jpeg)
«Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн, — деп белгиледи Жусупбекова жана калкка кайрылды: — Биз адамдарды жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылып, эмдөө алууга чакырабыз».
![](https://newsib.net/wp-content/uploads/2021/02/Korona_0.jpg)
Биринчи, экинчи дозаны алгандар – бустерди алыңыздар. Анткени башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, учурда COVID-19га негизинен эмделбегендер чалдыгып жатышат».
ЭМДӨӨ – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу.
Categories: COVID 19, Алдын алуу