ЖАҢЫЛЫКТАР

Талкуу: Кир колдордун айынан келип чыккан опурталдуу оорулардын алдын алуу

266

Медицина өкүлдөрү кир колдордун айынан келип чыккан опурталдуу оорулардын алдын алуу жолдорун талкуулашты

Жөнөкөй жеке тазалыкты сактабагандык альвеококкоз, эхинококкоз жана башка мите курттар жараткан ооруларга себеп болушу мүмкүн. Бул боюнча Бишкекте уюштурулган атайын иш-чарада врач-паразитолог Жумагүл Усубалиева билдирди. Анын айтымында адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү, тазалыкты сактоого чакыруу олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзөт.

“Тилекке каршы Кыргызстанда жыл сайын 15 миңден ашуун паразиттик оорулар катталууда. Алардын ичинен миңге чукул учуру эхинококкоз оорусуна туура келет. Ичегинин гельминтозуна кабылгандардын 90 пайызы 14кө толо элек балдар болуп эсептелет”, – деди Жумагүл Усубалиева.


Врач-паразитолог медициналык кызматкерлердин жана эл аралык кеңешчилердин ортосунда өткөн иш-чаранын жыйынтыгында кир колдордун айынан чыккан оорулардын алдын алуу боюнча 3 жылдык программа кабыл алынаарын белгиледи.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.