Эмдөө

Тема: Пландык эмдөө Сузак районунда 81%ды түздү

218

Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктары менен жөнгө салынуучу балдар жана чоңдор арасындагы милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрү белгилүү бир мөөнөттөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Пландык эмдөө 2021-жылдын жыйынтыгы менен 5 жашка чейинки балдардын көрсөткүчү Жалалабад областына караштуу Сузак районунда 81%ды түздү.

2021-жылы Сузак району боюнча бир жашка чейинки балдардын профилактикалык эмдөөсүнүн жыйынтыгы жакшы, 376 бала планга коюлган. Азыр жыл жыйынтыгы менен 308 бала толук эмдөөдөн өтүп 81%ды түздү. Буюрса жыл жыйынтыгы менен 96%га жеткиребиз-деп билдирди Сузак райондук Балдар жана төрөт борборунун директорунун орун басары Матлюбахон Рахманбердиева.

Categories: Эмдөө

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.