Алдын алуу

ТИШ ЖАНА К А Р И Е С

2840

(Окуучулар үчүн сунушталат)

Бала чакта бул оору өнөкөт оорулардын ичинен биринчи орунду ээлейт жана бардык жерде кездешет. Калктын пикирине изилдөө жүргүзүүнүн натыйжаларына таянсак, тиш көйгөйү Кыргызстандын айыл жергесинде кеңири жайылган жана эң түйшүктүү 10 оорунун катарына кирет.

КАРИЕС ДЕГЕН ЭМНЕ?

КАРИЕС – оорусун микробдор козгойт. Микробдордун кесепетинен тиштер бузулуп, көңдөйчөлөр пайда болот.

КАРИЕС ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

• ооз көңдөйүнүн гигиенасын сактабоо;
• микроэлементтердин (фтордун, кальцийдин организмге өтө аз өлчөмдө келиши.
• таттууларды (кант, конфет, булочка, таттуу газдалган суусундуктар ж.б.) өтө көп өлчөмдө керектөөдөн пайда болот.

КАРИЕС КАНТИП ПАЙДА БОЛОТ?

1. Ар бир тамактануудан кийин анын калдыктары ооз көңдөйүндө, тиштердин арасына тыгылып, ал жерге өңөр пайда болот.
2. Тиш өңөрү микробдор көбөйүшүнө жагымдуу жагдай түзүп берет.
3. Микробдордун аракетинен пайда болгон заттар тишти бузуп, көңдөйчөлөрдү пайда кылат.
4. Тишти дарылабаса, тиштеги көңдөйчөлөр улам тереңдеп отуруп, ооруну пайда кылат.

ТИШТЕРДИ КАНТИП ТУУРА ТАЗАЛОО КЕРЕК?

1. Сөзсүз фтор кошулган гана тиш пастаны колдонуу керек.
2. Тиш пастадан азыраак өлчөмдө, болгону буурчак көлөмүндөй эле алса жетиштүү.
3. Щетканы тиштин сыртынан жана ичинен дагы «Шыпыргы» кыймыл менен, тиштердин тамырынан учун карай сүртүү керек. 4. Тиш жуугуч щетканы тиштин бүйлөсүнө карай багыттап, тишти жумшак айлампа кыймылдар менен тазалайсыз.
5. Тиштердин маңдайкы бөлүгүн оңду-солду багытталган кыймыл менен тазалоо керек.
6. Тиштерди кеминде 3 мүнөткө чейин тазалоо керек.
7. Тиштерди күнүнө 2 жолу тазалоо керек: Эртең мененки тамактан кийин жана жатаарда.

ТИШ ЖУУГУЧ ЩЕТКАСЫНА ТАЛАПТАР:

• өтө катуу болбошу керек;
• жасалма кылдан болушу керек;
• кылдардын учтары жумуру болууга тийиш;
• тиш жуугучту үч айда бир жолу алмаштырыш керек.

ЭСКЕРТҮҮ

Кариестин алдын алыш үчүн 6 айда 1 жолу стоматологго барып туруш керек.

Categories: Алдын алуу

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.