05.01.2021 Temirlan
17-18- октябрьда Бишкек шаарында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жана тренерлери тарабынан тамактануу маселелери боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чүй облусунун облустук жана райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери катышты.
Семинар тамактануу маданияты, тамактануу пирамидасы, тамак-аш коопсуздугу, тамактануунун бузулушу аттуу баскычтардан туруп, төмөндөгүдөй максаттар коюлду.
- Туура тамактануу боюнча негизги түшүнүктөрдү ачуу,
- Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин ДСК адистерин Айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттери аркылуу маалыматты үй-бүлө мүчөлөрүнө кантип туура жеткирүүгө үйрөтүү.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР