ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк бала эмизүүнү колдоо жумалыгы 2023

1289

«Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү»

Жыл сайын 1-августтан 7-августка чейин дүйнө жүзү боюнча балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн бала эмизүүнү жайылтуу максатында Бүткүл дүйнөлүк эне сүтүн эмизүү жумалыгы өткөрүлөт. Быйыл бул жумалык бала эмизүү жана төрөттүн шайкештигине арналды.

Ымыркайды эмизүүнү коргоо жана колдоо максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ЮНИСЕФтин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен 2023-жылдын 1-августунан 7-августуна чейин “Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү» аттуу бала эмизүү жумалыгы өткөрүлөт.

Эне  сүтү жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн эң жакшы тамактануу гана эмес, ошондой эле оорулардын алдын алуунун эффективдүү жолу.Бул балдарга эле пайда алып келбестен – дени сак өсүп келе жаткан муун саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды азайтууга жардам берет жана бала эмизүү аялдардын көкүрөк безинин рагынан коргойт.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы  РДЧжМКБнын басма сөз борборунда 2-август, саат 11:00дө «Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү» аталышында пресс-конференция өткөрөт. Жыйынга  КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Артыкбаева жана  медицина илимдеринин доктору, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору Турсун Мамырбаева жана дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдагы аймактык директору Доктор Ливиу Ведраско  катышат.

Журналистер менен болгон жолугушууда эне сүтү менен баланы эмизүү — эне-баланын ден соолугунун ачкычы экени айтылып,  эненин сүтүндө майлардын, канттын жана белоктун жетиштүү өлчөмү бар экендиги тууралуу маалымат берилет.

Бул жумалыктын алкагында 3-август,  саат 9-45де  Ош шаардык перинаталдык борборунун жыйындар залында Республикалык денсоолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын уюштуруусунда  «1-августтан 7-августка чейин Бүткүл дүйнөлүк бала  эмизүүнү колдоо жумалыгы» боюнча пресс-конференция өткөрүлөт.

     Пресс-жыйындын   максаты 2 жашка чейинки балдарды эне сүтү менен эмизүүнүн маанилүүлүгү жана пайдасы жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, калк арасында бала эмизүү боюнча позитивдүү жүрүм-турумду калыптандыруу, жумуш ордунда баланы  эмизүүгө көмөк көрсөтүү жана шарттарды түзүү.

Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык иштери боюнча жооптуу адиси  Аида Рахманова, Ош шаарынын Энени жана баланы коргоо боюнча ҮМБнун директорунун орун басары Батма Кудайбердиева,  Ош облустук саламаттыкты сактоо Координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова, Ош шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Дамира Ташмаматова, Ош шаарынын Энеликти коргоо боюнча координатору, башкы акушер гинекологу Кишимжан Мурзакулова жана жергиликтүү ММК өкүлдөрү  катышат.

Бүткүл дүйнөлүк   бала эмизүүнү колдоо жумалыгында  РДЧжМКБнын өлкө аймагындагы ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин  “Баланын ден соолугунун булагы бул-эне сүтү” акциясы кош бойлуу аялдардын жана 2 жашка чейинки балдары бар аялдардын арасында бала эмизүүнү жайылтуу боюнча кеңеш берип  жана маалымат кампаниясын өткөрөт.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана  жалпы дарыгерлердин практикалык борборлорунда, төрөт үйлөрүндөгү апалар мектептери үчүн  «Бала эмизүүнү колдойлу. Биз үйрөтөбүз жана жардам беребиз!” аталышында иш-чаралар уюшутурлат жана кош бойлууларга, бала эмизген аялдарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка жарандарга  балдарды эки жыл бою эмизүүнү улантуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат берилет.

Өткөрүлгөн акциялардын башкы  максаты – эне сүтү балдарды көптөгөн оорулардан сактай турганын жалпы коомчулукка жеткирүү.

Андыктан бардык жарандарды, өзгөчо аялдарды бүткүл дүйнөлүк   бала эмизүүнү колдоо жумалыгына активдүү катышууга чакырабыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.