ЖАҢЫЛЫКТАР

Туура тамактануу – ден соолуктун негизи

300

17-18- октябрьда Бишкек шаарында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жана тренерлери тарабынан тамактануу маселелери боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чүй облусунун облустук жана райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери катышты.

Семинар тамактануу маданияты, тамактануу пирамидасы, тамак-аш коопсуздугу, тамактануунун бузулушу аттуу баскычтардан туруп, төмөндөгүдөй максаттар коюлду.

  • Туура тамактануу боюнча негизги түшүнүктөрдү ачуу,
  • Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин ДСК адистерин Айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттери аркылуу маалыматты үй-бүлө мүчөлөрүнө кантип туура жеткирүүгө үйрөтүү. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.