ЖАҢЫЛЫКТАР

Улуттук фтизиатрия борбору ооруканада дарыланып жаткан балдарга майрамдык кече уюштурду.

285

Бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Улуттук фтизиатрия борбору ооруканада дарыланып жаткан балдарга майрамдык иш-чара уюштурду. Борбордо жалпысынан 35 бала кургак учукка каршы дарыланууда. Алардын ичинен ачык жана жабык түрү менен ооругандар бар. Бул саамалыкта жабык түрү менен дарыланып жаткан балдар өздөрү ырдап, бийлешти.

 “Биз үчүн балдардын ден соолугу маанилүү. Бул оору көп убакытка дарылоону талап кылгандыктан биз бүгүн эле эмес, ар бир майрам учурунда ушундай көңүл көтөрүүчү иш чараларды уюштурабыз. Бүгүнкү майрам дагы өзгөчө өтүп жатат. Биз балдарды концертке бир ай мурда даярдап баштаганбыз, анткени алар күчтүү дарылар менен дарыланат, маанайы өзгөрөт, алардын көңүлүн көтөрүү үчүн күн сайын ырдатып, бийлетип жаттык.  

Бүгүнкү майрамдык кечени балдардын ата-энелери да колдоп келишти. Чынында таланттуу балдар көп экен. Андан сырткары биздин борборго ЮСАИД уюмунун “Кургак учук айыгат” долбоору колдоо көрсөтүп балдарга кызыктыруучу белектер берилди.

Албетте балдар сүйүнсө биз да сүйүнөбүз алар оорубасын, дарыгерлер алардын дени сак болуусу үчүн күрөшөбүз”,-деп билдирди Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы  Айсалкын Тешебаева.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.