ЖАҢЫЛЫКТАР

“Өз кан басымыңды бил”

294

Бишкекте 17-май күнү “Гипертония оорусу менен күрөшүү” эл аралык күнүнө карата “Өз кан басымыңды бил” аталышында акция уюштурулду.

Акция Дордой Плаза, Бишкек Парк, Азия Мол чоң соода борборлорунда өтүп, ага шаардык тургундар катышты.

Бардык катышуучулар акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыгерлерден керектүү кеңештерди алышты.  

Иш чаранын максаты: артериялык гипертония жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу, анын факторлору жана алардын татаалдашуусу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Акция Улуттук кардиология жана терапия борбору, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборлору тарабынан демилгеленип, өткөрүлдү.

Артериялык гипертензия кан басым 90%га жогорулаган учурларда, гипертония оорусу болуп саналат.

Эгер сиздин ден соолугуңузда көйгөй жаралганын байкасаңыз сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.