Эне коопсудугу

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат

225

Учурда эмчек эмизүү жумалыгы өтүп жатат. Бул жумалыкта жер-жерлерде адистер, дарыгерлер тарабынан бала эмизген энелерге, болочоктогу жана кош бойлуу энелерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул жумалыктын алкагында Жалал-Абад шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, педиатр  А.Набиженов, ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери Ж. Кудайбердиева кайын эне менен келиндин ортосундагы мамиле, кош бойлуу энелерге балага кам көрүүдө жана эненин саламаттыгынын алдын алуу, эне сүтүнүн бала үчүн маанилүүлүгү жаатында окутуу өткөрдү.

21 жаштагы кош бойлуу айым Н.Алтымышова биринчи ирет эне болуу бактысына ээ болгону турат. Жаш эненин максаты болочоктогу наристенин дени сак төрөлүшү. Ал үчүн Нуриса боюна бүткөн күндөн тарта эле каттоодон өтүп, ар ай сайын өзүнүн жана ымыркайдын саламаттыгын текшертип турат.

“Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ай сайын барып анализ тапшырып, баламдын саламаттыгы жана өзүм үчүн текшерилип турам. Дарыгерлер туура тамактануу, баланын түйүлдүктө өсүүсүн текшерип турушат. Биринчи наристе күтүп жаткандыктан туура эмизүү жаатында адистер келип атайын окутууларды өтүп кетишти. 3 жашка чейин баланы эмизүү керектигин үйрөндүм. Түнкүсүн бала көп эмсе пайдалуу болот экен”, – деп сөзүн жыйынтыктады кош бойлуу эне.

Терапевт – дарыгер Жамила Кудайбердиева  45 жылдан бери балдардын тамак-ашын көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосунда турган кош бойлуу энелерди окутуу жаатында иш алып барат. Ар бир эле кыз-келин эне болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Демек ал дени сак баланы төрөөгө милдеттүү. Ал үчүн кош бойлуу кездеги камкордук бул кечиккендик. Болочок эне секелек кезинен тарта эле ден соолугун көзөмөлдөп туруусу керек. Бул тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып өттү.

“Балдарга кошумча тамак берүү анын өсүүсүнө тоскоолдукту жаратат. Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул — чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмдө гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабын аткара алат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл. Баланы ууз сүттөн куру калтыруу туура эмес. Ууз сүт — табият берген эң уникалдуу тамак. Ал коргоочу зат катары ымыркайды ар кандай ооруларды чакырчу микробдордон сактайт. Эненин сүтү керектүү азыктын ролун аткаргандан сырткары баланын мээсин, ички органдарын, терисин, чачын, тырмактарын жана сөөктөрүн өстүрө турган пайдалуу заттарды камтыйт. Эч бир суусундук ууз сүттү алмаштыра албайт.

Балага чай берүүгө болбойт. Чайдын курамында балага керектүү азык жок. Ал тамактын курамындагы темирдин сиңишине тоскоолдук жаратып, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн. Эмчектеги сүт бузулат деп чочубагыла. Кээ бир энелер айрым себептер менен балдарын эмизбей калганда эмчектеги сүт бузулуп (ирип) калды деген ой менен сүтүн саап ташташат. Бирок сүт бала эмчекти эмип жатканда гана клеткалардан бѳлүнүп чыгат. Андыктан эч кандай ирип калбайт. Аялдар эмизүүнүн аралыгында клеткалардын сүткѳ толгонун сезишет. Бул сүт бездерде банкага куюлгандай даяр түрдѳ болот дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда сүт ирибейт турбайбы деп көп эмизбей коюу туура эмес. Себеби сүттүн кѳлѳмү азайып, акырындык менен байып кетиши мүмкүн.

 Эмчектеги сүт муздайт деген түшүнүк туура эмес. Бул жөнүндө биздин чоң апалар “кышында эмчектеги сүт муздап калат, ошондуктан сүттү жылытып туруп, анан эмизиш керек” деп көп айтышат. Эмчектеги сүт муздап калат деген жаңылыштык. Себеби, сүт бездеринде көп сандагы кан тамырлар бар. Алар жылуу кан менен бирдей температураны кармап турат. Эне сүтү бала үчүн дайыма даяр. Аны жылытып же тазалоонун эч кандай кажети жок.

Баланы эмчектен эрте чыгарганга болбойт. Баласын эмчектен эрте чыгарган энелердин көбү “бала ѳзү эмбей койгондуктан чыгардым” деген пикирде. Тактап сурай келсең, адатта балага уйдун сүтүн берип баштагандан тарта ал эмчек эмгенден баш тарткан болуп чыгат. Алардын ою боюнча уйдун сүтү эмчек сүтүнө салыштырмалуу күчтүү жана майлуу дешет”.

Leave a Reply

Your email address will not be published.