ЖАҢЫЛЫКТАР

Жагымдуу кабар!

271

РДЧжМК борбору ден соолукту чыңдоо боюнча иштеп чыккан маалыматтык материалдарды калкка таратууда жаңы мүмкүнчүлүккө ээ болду.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирлиги ортосунда жигердүү кызматташуу жаатында мөөнөтсүз меморандумга кол коюлду.

Күчүнө кирген документтин алкагында ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, анын ичинде COVID-19дан сактануу, эмдөө жана башка маанилүү темалардын үстүнөн иштелип чыккан материалдар калкка кеңири таратылмакчы.
Республика боюнча Жамааттык ЖМКлардын бирлигинин 27 медиа борбору кыргыз медицинасына байланыштуу маселелерди байма-бай көтөрүп келет. Алардын бул эмгеги үчүн Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эмгек жамааты терең ыраазычылык билдирет.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.