Жыл сайын 4-февраль Дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү белгиленип келет. Бул күнгө карата Кыргызстан боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда рак оорусун алдын алуу, эрте аныктоо максатында скрининг жүргүзүү иш чаралары башталууда. Быйыл бул демилгени алгачкылардан болуп Жайыл райондук администрациясы ДЧК адистери менен колго алды.
Жайыл районунда сектор аралык жыйын өткөрүлүп, иш чарага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча адистер, анын ичинде онколог дарыгер жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, элге кеңири маалымат беришти.
Катышуучуларга рак оорусунун себептери, алдын алуу жолдору жана эрте аныктоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Бул иш-чараны кеңейтүү пландарыбыз бар. Ар бир айыл өкмөтүнө тиешелүү маалымат жеткирилет жана тыгыз кызматташуу ишке ашырылат. Жергиликтүү деңгээлде дагы рак оорусуна каршы күрөшүү иш чаралары активдүү жүргүзүлүшү керек биз муну колго алабыз”-деп өз сөзүндө белгиледи, Жайыл райондук акиминин орун басары Э.Аманкулов.
Катышуучулар бул демилгеге бир добуштан колдоо көрсөтүп, иш чараларды мындан ары да жайылтууга жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жыйындын соңунда келечектеги пландар талкууланып, ракка каршы күрөштү жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү кадамдар белгиленди.
Categories: Алдын алуу