ЖАҢЫЛЫКТАР

2023-жылдын мыкты спикерлери сыйланды

963

2023-жылдын 19-декабрында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча, массалык маалымат каражаттарында жигердүү сөз сүйлөгөн медициналык кызматкерлерге жыл мыктылары салтанаттуу кечесин өткөрдү. РДЧжМК борбору тандалган ар бир спикерге “2023-жылдын жылдын мыкты спикери” номинациясы менен сыйлык тапшырганын сыймыктануу менен жарыялайт.

Салтанаттуу иш чара Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын катышуусунда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун техникалык колдоосу менен өттү.

Жыл бою тажрыйбалуу дарыгерлер, өз тармагындагы адистер телерадио берүүлөргө активдүү катышып, оорулардын алдын алуу маселелери боюнча массалык маалымат каражаттарына интервью беришти.

«Бул сыйлык алардын кесипкөйлүгүн, баарлашуу жөндөмүн жана кеңири аудиторияга татаал медициналык маселелерди эффективдүү жана так түшүндүрүп келгендигин далилдеди. Дарыгерлердин үнү калктын ден соолугун жана жашоосун жакшыртууга умтулган коом үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп калды», – деп белгиледи Бүбүжан Арыкбаева.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору медицина кызматкерлеринин жалпыга маалымдоо каражаттарына активдүү катышуусу аркылуу калктын саламаттыгына кошкон салымын жогору баалайт.

«Биздин спикерлер татаал түшүнүктөрдү жана маалыматтарды жеткиликтүү түрдө калкка түшүндүрүү жөндөмүн көрсөтүштү, ооруларды алдын алуу жана сергек жашоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жана түшүнүктү түзүштү. Алардын жетишкендиктери башка медицина кызматкерлери үчүн үлгү болуп, аларды маалыматтык өз ара аракеттенүү процессине жигердүү катышууга шыктандырды», – деди Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору бардык сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайт. Бул алардын калктын саламаттыгын чыңдоого кошкон салымын татыктуу баалоо.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.