ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абадда тамак-аш жана гигиена маселелерин чагылдыруу боюнча тренинг өттү

159


Жалал-Абадда 22-23-ноябрда Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору USAID SPRING борбору менен өнөктөштүктө ММКларда тамак-аш маселелерин чагылдыруу боюнча тренинг өткөрдү.

Тренингге Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери жана жергиликтүү ММКлардын журналисттери катышты.

Кыргызстандын 2012-жылдагы медициналык-демографиялык изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча, 5 жашка чейинки балдардын 18%ынын өсүүсү кечиккен. Ошол эле учурда 5 жашка чейинки балдардын 43%ы жана аялдардын 35%ынан (15-49) ар кандай даражадагы аз кандуулук аныкталган.

Жергиликтүү шарттарга ыңгайлашуу толук баалуу эмчек эмизүүнү, балдар үчүн өз учурундагы кошумча тамактандырууну, бир жыл ичиндеги тамак-аш рационунун ар түрдүү болушун, зыяндуу тамак-ашты пайдаланууну кыскартууну, колдорду жуу, ошондой эле аялдарга жана балдарга алардын өмүрүнүн биринчи 1000 күнүндө таандык болгон үй чарбаларынын деңгээлиндеги башка аракеттерди камтыйт.

Дал ошондуктан туура тамактануу жана гигиена тууралуу маалыматты жергиликтүү жана аймактык деңгээлдеги массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу абдан маанилүү. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.